Курорттук жайларга тест кош келиңиз Урматтуу ишкер, Төмөндө компаниянын экосертификациясынын статусуна өзүн өзү баалоо үчүн негизги критерийлердин тизмеси келтирилген. Баалоо 9 бөлүктөн турат жана компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын камтыйт, кээ бир пункттар сиздин бизнесиңизге тиешелүү болбой калышы мүмкүн. Ар бир суроого жооп беришиңиз керек жана анын жыйынтыгы боюнча система сиздин компанияңыздын “жашылдык” деңгээлин автоматтык түрдө эсептеп чыгат. Мүмкүн болгон эң жогорку балл 87 упай. Бүгүнкү күндө биз маркировкалоонун төмөнкү категорияларын ыйгарабыз: 1. Платина (96% - 100%) - 83төн 87 баллга чейин 2. Алтын (86% - 95%) - 74төн 82 баллга чейин 3. Күмүш (76% - 85%) - 65тен 73 баллга чейин 4. Коло (65% - 75%) - 58ден 64 баллга чейин Текшерүү баракчасын толтурууда сизге ылайыктуу жоопту тандоого жардам берүү үчүн жооптордун жанында түшүндүрмөлөр берилет. Суроолор боюнча +996 312 901 216 телефону аркылуу байланышсаңыз болот. Анкета убакытыңыздын орточо 30 мүнөтүн алат. Биз анонимдүүлүккө жана маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик беребиз! Анкета толтурулгандан кийин, биздин адистер сиздин компанияңызга келип, жеринде текшерүү куралдары аркылуу акыркы рейтингди белгилешет. Экологиялык сертификацияны жайылтуудагы аракеттериңиз үчүн рахмат! Урматтоо менен, Жашыл Альянстын командасы Сиздин атыңыз Электрондук почта (тесттин жыйынтыгы менен электрондук кат сиздин электрондук почтаңызга жөнөтүлөт) Ишкана аты: Подсказка Ишкана түрү: Мейманкана Конок үй Хостел Пансионат Санаторий Кызматкерлердин саны: Нет наемных работников 1-3 4-5 6-10 10дон ашык 20дон ашык Сиздин бизнесиңиз канчадан бери иштейт? 1 жылдан аз 1-3 жыл 4-5 жыл 6 жылдан ашык Компаниянын директору: Телефон Сиз тапшыргыңыз келген кошумча маалымат Мекеменин экологиялык стратегиясы: Сиздин мекемеңиздин экологиялык стратегиясы барбы/мекеменин ар тармакка тийиштүү так жазылган максаттарын жана күтүлүү натыйжасын камтыган саясатында эко издерди азайтуу боюнча документтер (жоболор, инструкциялар ж.б.)? жок, бул жөнүндө ойлонгон эмесмин бул тармак боюнча иш алып барууга аракеттер бар бар, жарым жартылай Ооба бар, так жазылган стратегиялык саясат Маалымдоо/ кызматкерлерди күнүмдүк жашоо тиричиликте жана жумушта экологиялык жөндөмдөргө окутуу: Сиз өзүңүздүн бизнесиңизде экологиялык туруктуу ыкмаларды кантип колдонуу керектиги боюнча кызматкерлериңизди үйрөтөсүзбү/маалымат бересизби? жок,мындай мүмкүнчүлүк жок бул тармак боюнча иш алып барууга аракеттер бар күнүмдүк жумушта маалымдоо жана аткарууга үндөө бар ооба, системдүү окутуу бар Сууну үнөмдөө: Сиз колдонуп жаткан сууну көзөмөлгө аласызбы? Ишканаңызда сууну үнөмдөө боюнча иш-чараларды ишке ашырдыңызбы (суу эсептегичтер, крандагы сенсорлор ж.б.)? жок, көзөмөлдөбөйм бул багыт боюнча иш-аракеттерди баштоо ниети бар такай эмес, бирок кээ бир ыкмалар колдонулууда ооба, көзөмөлдөөгө алынган жана сууну үнөмдөө боюнча максималдуу ыкмалар колдонулган Саркынды сууларды тазалоо: Сууну тазалоо системаңыз барбы? жок, биз шаардык канализацияга кошулганбыз жок, бизде саркынды сууларды тазалоо системасы жок натыйжалуу эмес, абдан эскирген система бар саркынды сууларды жаңы тазалоо системасын ишке ашыруу процессиндебиз ооба, заманбап жана натыйжалуу саркынды сууларды тазалоо системасы бар Жамгыр сууларын чогултуу жана пайдалануу: Сиз кир саркынды сууларды (идиштерди жуугандан, кир жуугандан же жуунууга колдонулгандан кийинки сууну, өнөр жайлык пайдалануу үчүн тазаланган сууну) кайра иштетип, кайра колдоносузбу? жок, жамгырдын суусун пайдалануу практикасын колдонбойбуз жамгыр суусун пайдалануу үчүн бир жолку аракеттер бар чогултуу жана пайдалануу боюнча мезгил-мезгили менен аракеттер бар ооба, жамгыр суусу чогултулуп, максималдуу түрдө пайдаланылат Кир саркынды сууларды калыбына келтирүү жана кайра пайдалануу: Сиз кир саркынды сууларды (идиштерди жуугандан, кир жуугандан же жуунууга колдонулгандан кийинки сууну, өнөр жайлык пайдалануу үчүн тазаланган сууну) кайра иштетип, кайра колдоносузбу? жок, саркынды сууларды колдонуу практикасы жок бул багыт боюнча иш-аракеттерди баштоо ниетибиз бар кир саркынды сууларды кайра иштетүү жана пайдалануу процессиндебиз ооба, ар кандай максаттар үчүн саркынды сууларды чогултуу жана кайра пайдалануу системасы орнотулган Жалпы таштандыларды башкаруу: Сизде таштандыларды башкаруунун жалпы системасы барбы? жок, таштандыларды башкаруу системабыз жок таштандыларды башкарууда бир жолку аракеттер бар ырааттуулугу жок мезгил-мезгили менен аракеттер жүрүүдө ооба, жалпы ыкма бар жана калдыктарды башкаруу системасы түзүлгөн Тиричилик катуу таштандыларды алдын алуу: Сиз өз мекемеңизде тиричилик катуу таштандыларды алдын алуу/минимизациялоо боюнча ар кандай чараларды көрүп жатасызбы (мисалы: кагаз, желим бөтөлкө, политилен пакет ж.б)? жок, таштандыларды азайтуу боюнча чаралар жок бул багыт боюнча иш-аракеттерди баштоо ниетибиз бар ырааттуулугу жок мезгил-мезгили менен аракеттер бар, бирок жакшыртууга каалоо жана даярдык бар ооба, таштандыларды алдын алуу үчүн бардык мүмкүн болгон чаралар жүргүзүлүүдө Таштандыларды алдын алуу жана азайтуу үчүн кардарлар менен иштөө: Конокторго таштандыларды алдын алуу жана азайтуу боюнча кандайдыр бир жолдор менен маалымат берүүгө умтулуп жатасызбы? Жок, таштандыларды азайтуу үчүн кардарлар менен иш алып барбай элебиз Бир жолку аракеттер бар, бирок барына эмес Кардарларга кайрылууга жана маалымат берүүгө мезгил-мезгили менен аракет кылынат Ооба, ар кандай инструменттер аркылуу бардык конокторго үзгүлтүксүз маалымат беребиз Таштандылардын пайда болушун алдын алуу: циркулярдуу чечимдер Циркулярдуу чечимдерди практика жүзүндө колдоносузбу (мисалы, кайра пайдаланууну, эски буюмдарды жана жабдууларды кайра иштетүү ыкмасы менен өмүрүн узартууну, оңдоп-түзөөнү, креативдүү пайдаланууну ж.б.), ошол эле потенциалдуу таштандылар менен күрөшүүдө (мисалы, эски эмеректер, текстиль, тамак-аш)? Жок, буюмдарды, материалдарды кайра пайдалануу каралбайт Циркулярдуу чечимдерди колдонууда бир жолку аракеттер бар Эскирген буюмдарды, материалдарды колдонууга мезгил - мезгили менен аракет жасалууда Ооба, эски буюмдардын, материалдардын үзгүлтүксүз өмүрүн узартуу практикасы бар Тамак-аш калдыктарын алдын алуу: Тамак-аш калдыктарын алдын алуу үчүн белгилүү бир ыкмаларды жана жөндөмдөрдү ишке ашырдыңызбы? (мисалы, бөлүктөрүн оптималдаштыруу, компостоо, ж.б.) Жок, мындай ыкмалар ишке ашкан жок Тамак-аш калдыктарын азайтуу боюнча бир жолку аракеттер бар Тамак - аш калдыктарын азайтуу боюнча айрым чаралар бар Ооба, ар кандай чаралар жана инструменттер ишке ашууда Тиричилик катуу таштандыларды сорттоо (андан ары иштетүү жана/же чогултуу пункттарына жеткирүү): Тиричилик катуу таштандыларыңызды сорттойсуңарбы (мисалы: кагаз, желим бөтөлкө, политилен пакет ж.б)? Жок, бизде сорттоо жок Бир жолку сорттоо аракеттери бар Кээ бир буюмдарды сорттоо бар Ооба, бардык таштандылар керектүү денгээлинде бааланып, жеринен сорттолот Энергия керектөөсүн оптималдаштыруу жана СО2 көмүртектин изин азайтуу боюнча системалуу ыкманы ишке ашыруу: Энергия натыйжалуулугуңуздун ар кандай аспектилерине карата энергия керектөөсүн оптималдаштыруу, ошондой эле көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн азайтуу боюнча системалуу ыкма же уюштуруу саясаты барбы (СО2 / ишкананын көмүртек изи)? Жок, энергияны керектөө боюнча саясат жана ыкма жок бул багыт боюнча иш-аракеттерди баштоо ниетибиз бар Энергияны керектөөнү оптималдаштыруу боюнча айрым чаралар бар Ооба, энергия натыйжалуулугунун ар кандай аспектилеринде СО2 төмөндөшүнө мониторинг жүргүзүүнүн белгиленген системасы бар Кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу: Сиздин мекемеңизде ар кандай максатта (ысык суу, жылуулук, кошумча электр энергиясы үчүн ж.б.) кайра жаралуучу энергия булактарын колдоносуңарбы? Жок, биз кайра жаралуучу энергия булактарын колдонбойбуз бул багыт боюнча иш-аракеттерди баштоо ниетибиз бар кайра жаралуучу энергиянын жөнөкөй варианттары киргизилген Ооба, кайра жаралуучу энергия булактары ар кандай максатта колдонулат Имараттын тышын жылуулоо аркылуу энергия натыйжалуулугу: Имаратты жылуулоодо энергия натыйжалуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүгн карап чыктыңызбы (дубалдар, шып, кабат жана терезелер) ал иш аракет боюнча чараларды ишке ашырдыңызбы? Жок, имараттар жылууланган эмес бул багыт боюнча иш-аракеттерди баштоо ниетибиз бар Жылуулоо боюнча жарым-жартылай чаралар ишке ашырылууда Ооба, имарат толугу менен модернизацияланган Жылытуу, желдетүү жана кондиционер системаларын модернизациялоо аркылуу энергия натыйжалуулугу: Заманбап энергия натыйжалуу жылытуу, желдетүү жана кондиционер системаларын колдоносуңарбы? Жок, мындай системалар ишке ашкан жок бул багыт боюнча иш-аракеттерди баштоо ниетибиз бар Жылуулоо боюнча жарым-жартылай чаралар ишке ашырылууда Ооба, заманбап жылытуу, желдетүү жана кондиционер системалары орнотулган Үнөмдүү жарыктандыруу системалары аркылуу энергия натыйжалуулугу: Имаратыңызга үнөмдүү жарыктандыруу системаларын киргизүү аркылуу энергия натыйжалуулугун жогорулатуу иш-аракеттерин жүргүзүп жатасызбы (led чырактары, кыймыл сенсорлор, күн энергиясы менен камсыздалган сырткы жарыктандыруу ж.б.)? Жок, жарыктандырууда энергия натыйжалуулугу камсыз кылынган эмес бул багыт боюнча иш-аракеттерди баштоо ниетибиз бар Үнөмдүү жарыктандыруу системаларын киргизүү боюнча жарым-жартылай чаралар ишке ашырылууда Ооба, жарыктандыруу үчүн энергияны үнөмдөө чаралары толугу менен киргизилген Энергия натыйжалуулук: башка жайлар (бассейн, кир жуугуч бөлмө, башка электр шаймандары): Сиз ишканаңыздын башка тармактарында энергияны үнөмдөө ыкмаларын карап чыктыңызбы? Жок, мындай практикалар каралган эмес бул багыт боюнча иш-аракеттерди баштоо ниетибиз бар Энергияны үнөмдөөнүн кээ бир практикасын колдонуудабыз Ооба, ар кандай орунжайлар үчүн (имараттар үчүн) энергияны үнөмдөө боюнча олуттуу чечимдер кабыл алынды Тазалоочу каражаттарды алдын алуу, азайтуу жана тандоо Тазалоочу каражаттарды колдонууну азайтууга аракет кылып жатасызбы/же экологиялык таза каражаттарды колдоносуздарбы? Жок, буюмдарды тазалоого эч кандай көңүл бурулбайт Бул багытта бир жолку аракеттер бар ар дайым эмес, бирок колдонобуз Ооба, курамында эко кошулмалары бар каражаттарын максимум колдонобуз Буюмдарга аяр мамиле жасоо жана аларды экологиялык ыкмалар менен колдонуу (эмерек, текстиль, кагаз ж.б.) Экологиялык таза жана туруктуу материалдардан ар кандай буюмдарды (эмерек, сүлгү, ж.б.) сатып алуу жөнүндө ойлонуп көрдүңөр беле? Оңдоп-түзөөдө, кайра пайдаланууда, кайра иштетүүдө? Жок, буга көңүл бурулбайт Бул багытта бир жолку аракеттер бар табигый материалдардан жасалган буюмдарды туура эмес колдонууда Ооба, табигый материалдардан жасалган буюмдар колдонулат жана алардын мөөнөтү максималдуу узартылат Курулуш материалдары Имаратты курууда экологиялык таза курулуш материалдарын жана ыкмаларын колдондуңуз беле? Эч кандай маани берилген эмес, биз курулуш менен алектенген эмес Жок, жөнөкөй курулуш ыкмалары колдонулган бул багыт боюнча иш-аракеттерди баштоо ниетибиз бар Экологиялык таза курулуш материалдарын кээ бир ыкмаларын колдонобуз Ооба, айлана-чөйрөгө аз зыян келтирген материалдар жана ыкмалар колдонулган (мисалы, салттуу, экологиялык таза) Эко-мобилдүүлүктүн варианттары (зарыл болгондо гана) Экологиялык транспорттордун жана эко-мобилдүүлүктүн кайсы бир варианттарын колдонуу үчүн акысыз, же арзан, же жеткиликтүүлүктү баада камсыз кылып жатасызбы? актуалдуу эмес, мындай кызмат көрсөтүлбөйт Жок, бул маселеге эч кандай көңүл бурулбайт бул багыт боюнча иш-аракеттерди баштоо ниетибиз бар чанда колдонуу практикасы бар ооба, эко-транспорт жана эко-мобилдүүлүк үчүн шарттар түзүлгөн Мейманкананын ичинде эко транспортту колдонуу Сиз жана кызматкерлериңер эко-транспорттун / эко-мобилдүүлүктүн кандай варианттарын колдонуп жатасыздар? жок, бул маселеге эч кандай көңүл бурулбайт бул багыт боюнча иш-аракеттерди баштоо ниетибиз бар кызматкерлер арасында бул ыкманы колдонуу практикасы чанда кездешет ооба, транспорттун экологиялык ыкмалары толук колдонулат Экологиялык азык-түлүк менен камсыз кыла турчу булактар жана ташып берүүчүлөр Экологиялык азык-түлүктөрдү камсыз кыла турчу булактарды жанааларды ташып берүүчүлөрдү (азык-түлүк азыктарын) тандайсызбы? Жок, бул маселеге эч кандай көңүл бурулбайт Бул багытта бир жолку аракеттер бар эко азыктарын чанда колдонуу тартиби бар ооба, азык-түлүктөр экологиялык таза жана органикалык булактардан алынып келинет Аймактын айлана- тегерегиндеги экологиялык практика Айлана-тегеректеги аймактарга экологиялык кам көрүү ыкмаларын колдоносуңарбы (мисалы, жашылдандыруу, табигый пейзаждарды киргизүү, эко-бактар, сугаруунун үнөмдүү ыкмалары, жергиликтүү биотүрдүүлүктү колдоо ж.б.)? Жок, бул маселеге көңүл бурулбайт бул багыт боюнча иш-аракеттерди баштоо ниетибиз бар эко багыты боюнча кам көрүү ыкмаларынын кээ бир практикалары колдонулат Ооба, бул тармакта олуттуу ийгиликтер жана жандуу мисалдар бар Уюштуруу стратегиясынын/ Коомдук жоопкерчилик боюнча саясатынын болушу Сиздин мекемеңизде мисалы, жергиликтүү коомчулук, аярлуу калктын катмары үчүн кайрымдуулук ж.б. у.с. иш-чаралардагы коомдук жоопкерчилик жана анын пайдалары боюнча уюштуруу стратегиясы / саясаты барбы? (иш-чаралар, так максаттары жана эрежелери менен)? Жок, бул жөнүндө ойлонгон эмеспиз бул багыт боюнча иш-аракеттерди баштоо ниетибиз бар ооба, бейформалдуу жарым-жартылай саясат бар Ооба, жакшы аныкталган стратегиябыз\саясатыбыз бар Жергиликтүү калк үчүн жумуш орундарын түзүү Жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү үчүн же калктын өзгөчө аяр жана муктаж топтору үчүн жумуш орундарын түзөсүңөрбү? жок, эч кандай топторго бөлүү каралган эмес бул маселеге көңүл буруу ниети бар системдүү эмес жана аталган маселе боюнча кээ бир иш-аракеттер бар Ооба, калктын аярлуу катмарына жана жергиликтүү калкка багытталган так саясатыбыз бар Коомдук иш-чаралар Жергиликтүү коомчулук үчүн атайын коммерциялык эмес иш-чараларга катышасызбы же уюштуруудасызбы? Жок, бул маселеге көңүл бурулбайт бул багыт боюнча иш-аракеттерди баштоо ниетибиз бар колдоо жана катышуу иш-аракеттерибиз чанда орун алат Ооба, демөөрчүлүк үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөт Жергиликтүү маданий мурастарды/экологиялык мурастарды сактоого жардам берүү ж.б. Жергиликтүү маданий жана / же экологиялык мурасты сактоого жардам бересизби (мисалы, маданий жана тарыхый эстеликтерге кам көрүү, ишембиликтерди уюштуруу же аларга катышуу, майрамдык иш-чараларга катышуу ж.б.)? Жок, бул маселеге көңүл бурулбайт бул багыт боюнча иш-аракеттерди баштоо ниетибиз бар чакан колдоо бар, бирок чанда ишке ашат Ооба, туруктуу колдоо көсөтүп келебиз Сиздин почтаңызга өзүн-өзү диагностикалоо тестинин жыйынтыгы менен электрондук кат жөнөтүлдү Время вышло