Биз кимбиз?

«Жашыл Альянс» коомдук  бирикмеси Кыргызстандын жашыл экономика принциптеринин туруктуу өнүгүшүнө салымын кошкон күчтөрдүн жана демилгелердин уюму.

Альянс түзүүнүн максаты-бул уюмдун мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо, алардын интеллектуалдык потенциалын, материалдык жана каржылык ресурстарын бириктирүү, “жашыл” экономика принциптери аркылуу  Кыргызстандын туруктуу өнүгүсүнө салымын кошуп, өлкөбүздүн жаратылыш байлыктарын сактап калуу.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Жашыл Альянсы 50 дөн ашык компания жана адамдарын башын бириктирет, алар жарандык коом, бизнес, айыл-чарба өкүлдөрү, илим изилдөөчүлөр, жогорку окуу жайлар жана көз карандысыз эксперттер. Альянс 2019-жылы түзүлгөн. Ошол күндөн тартып “жашыл” экономика, туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшү, айлана чөйрөнү коргоо тармагында иш алыпбарган мамлекеттик органдар менен карым-катнаш түзгөнгө жетишкен. Ассоциация Бишкекте жайгашканы менен анын мүчөлөрү, өкүлчүлүктөрү өлкөнүн бардык аймагында бар.

Кыргызстандын Жашыл Альянс секторлор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, чыңдоого, климаттын өзгөрүп жатканына байланышкан  тематикалык маселелер боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды иштеп чыгууга жигердүү салым кошот, мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү бийлик органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана илимий чөйрөлөр менен кызматташуу аркылуу экологиялык маалымдуулукту жана климатты коргоо сабаттуулугун жогорулатат; инновациялык технологияларды жана тажрыйбаларды иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө көмөк көрсөтөт ж.б.

Уюм күн сайын курамына жаңы мүчөлөрду кошуп, алар менен ар кайсы деңгээлде эффективдүү иш чараларды алыпбарат. Натыйжада Альянстын мүчөлөрү, өнөктөштөрү менен бирге 40тан ашык жашыл экономиканы жайылтуу, туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшүнө байланышкан иш чараларды өткөрдү.

Кыргызстандын Жашыл Альянсы алгач Кыргызстандын Климаттык тутуму катары иштеп турган.  Ошондон бери уюм климаттын өзгөрүшү, туруктуу өнүгүү долбоорлорун колдоп келет. Маселен, бул тармакка тиешелүү болгон мыйзамдарды иштеп чыгуу, мамлекеттик органдардын эл аралык уюмдар менен болгон байланышын күчөтүү, Кыргызстандын БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (БУУНЧК)  милдеттемелеринин аткарылышы боюнча коомдук мониторинг жүргүзүү.

Альянс тынымсыз өсүп-өнүгүүдө, биздин катарыбызда айлана-чөйрөнү коргоого, туруктуу өнүгүүгө салым кошкондор, экономиканын жашыл принциптери менен иштеген бизнес өкүлдөрү, уюмдар, жарандык коом бар. Кыргызстандын Жашыл Альянсы Улуттук Координациялык кеңештин жашыл экономика, климаттын өзгөрүшү боюнча аянтчасынын активдүү катышуучусу. Ошондой эле уюм бизнес ассоциациалардын арасында дагы жашыл экономика, туруктуу өнүгүү багытында иш алып барат.

Биздин альянс тынчтыкты куруу, социалдык туруктуулук, чыр-чатактардын алдын алуу, кайра жаралуучу энергия булактары, айыл-чарба,  мал чарбачылыгы, “жашыл” каржылоо, “жашыл” туризм, “жашыл” курулуш жана  башка демилгелерди ишке ашырат.

Жашыл Альянстын эшиги бардык тараптарга ачык. Эгер сиздин баалуулук бизге дал келсе,  катарыбызга кошулуңуз!