Skip to main content

18.03.2023 – БУУнун глобалдык суу конференциясынын алкагында Жаашыл Альянстын директору — Ильгиз Камбаровтун ачылыш сөзү

2023 жылдын 18-мартында Бишкекте – Жашыл Альянс уйуму Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) жана Европа Биримдигинин колдоосу менен Бишкекте БУУнун глобалдык суу конференциясынын алкагында, суу боюнча иш-аракеттерди мобилизациялоо үчүн саясий импульс түзүү максатында кошумча иш-чара өткөрдү. “Борбор Азиядагы суу ресурстары: чакырыктар жана перспективалар” деп аталган конференциясына арналган, Жаашыл Альянстын директору Ильгиз Камбаровтун ачылыш сөзү


Саламтсыздарбы урматтуу айымдар жана мырзалар,

бугунку конференциянын катышуучулары,

Президент апаратынын окулу Урматтуу Алмаз Насирдиниович,

Кыргызстандагы Бириккен Улуттардын өнүктүрүү программасы башчысы урматтуу Чемберлейн Луиз айым

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлү – Коррадо Стефано мырза

Эл-аралаык уйумдардын жана кыргызстандын онугуу долборлорун колдогон өнөктөштор, урматтуу суу маселесинин алкагында эмгектенген адистер,  жаашыл демилгелердин жана  долборолодун жактоочулары, урматтуу кесиптештер жана ой-пикирлештер

Бугунку коференция Бириккен Улуттар Уйумунун алкагында Н-Юоркто 22ки мартан 24чу мартка чейин ото турган Суу конференциясынын алкагында отуп жатат,  ООНдун Н-Йорктогу башкы штабында боло турган конференциясында кыргызстандын расмий делегациясы да катышат, ошондой эле жарандык коомдун аккредитация алган уюмдардын окулдору да катышат, анын арасына Жашыл Альянстын окулу,  Ачык Инновация деп аталган уйумунун окулдору, жана грин-фо деп аталган оноктошубуздун окулу катышат.

Бугунку конференция эки маанилуу максаттардын алкагында өтуудө.

1-            Суу темасынын алкагында маанилуу, туртку берген жогорку денгелдеги ой-пикирлер менен алмашуу

2-            туруктуу узак мөөнөттук, ар дайым иштей турган, кучтуу адистерди чогулткан, суу масалесине караштуу мамлекеттик органдар, президентин апаратын, жогорку кенешти, караштуу  илимий айлана-чоросун чакырган, жарандык коомдорун караштуу өкулдөрун бириктирегн  платформаны туптөгөнгө жол берген иш-чара. Башкача айтканда суу жөнунжө такуулоолорду жаны, маанилуу жана туруктуу денгелге которуу.

Демек, Кыргызстандын Жашыл альянсы өзүнүн мүчөлөрү менен Кыргызстандагы ПРООН менен бирдикте Европа Биримдигинин Кыргызтандагы Өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен суу масалесине тиешелүү болгон баардык тараптар менен улуттук деңгээлде суу боюнча диалогду жана талкууну чагылдырууга чакырууда.

Суу Кыргызстандын экономикалык, саясий, жана коомдук коопсуздугунун, андан тышкары маданий, руханий, тарыхий мааниге ээ болгон ирий жана зор болугуу болуп саналат. Озунуздор жакшы билгендей Өлкөдөгү энергиянын 90 пайыздан  ашыгы гидроэнергетикадан өндүрүлөт, ал эми кошуна өлкөлөр агымдын жогору жагындагы өлкөлөрдөн пайда көрүшөт. Ошондуктан, тиешелүү кызыкдар тараптардын жогорку деңгээлде көңүл буруусун камсыз кылуу жана анын улуттук байлык жана аймактык кызматташтык үчүн узак мөөнөттүү маанисин баса белгилөө өтө маанилүү.

Ошондой эеле, Конференциянын максаты – Бириккен Улуттар Уйумунун  Туруктуу өнүгүү максаттардын 6-чы беренсинин максатына жетишүү үчүн суу каражаты боюнча маселелерди талкуулоо: алар суу каражатын жеткиликтүүлүгүн жана сарамжалдуу пайдаланууну жана бардыгы үчүн санитарияны камсыз кылуу, ошондой эле өз ара мамилелердин негизинде суу каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу.

Кыскача Жашыл Альянс жонундо айтып кетсем  – 50дой уйумдар кирет, бары жашыл долборлордун алкагында эмгектенет.  Жашыл айыл чарба, жашыл каражат, эенргиялык сарамжалдуулук, жашыл илим жана билим, негизи туруктуу онугууго туртку берген иш чараларды откоробуз. Жашыл Альянс ойлорду, адамдарды жана мумкунчулукторду бириктергенге аракет жасайт. Бугунку коференция биздин кичинекей салымыбыз болсода, сапаттуу өтөт деп ишенебиз жана келечкте элибизге пайда беретугрган туруктуу диалог платформассына айланат деп умуттөбуз.

Бугун эс алуу кунуно карабастан келип конференцияга катыканыныздар учун терен ыраазычылыгымды билдирем, конференциябыз ийгиликтуу отсун, талкулообуз жемдуу болсун. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгуно жана Кыргызстандагы Бириккен Улуттардын өнүктүрүү программасыны биздин демигебизди колдоп бергендерине терен ыраазычылык билдиребиз.

Конференциянын ачык деп жарыялайм !

Ссылки на публикации в других платформах

Close Menu

Наша цель

Объединять людей, помогать им в развитии и поднимать уровень зеленой экономики в Кыргызстане

Кыргызстан

Бишкек
720011
ул.Абдымомунова, 145

Тел.: +996 312 901 216
Факс: +996 312 901 216

E-mail: [email protected]