Skip to main content

Кыргызстандын Жашыл Альянсы менен Open Innovations UN-Water уюмунан чакыруу алып, 2025-жылдын 22-мартында, Бүткүл дүйнөлүк суу күнү алкагында мөңгүлөрдү сактоо боюнча иш-чаралардын сериясын уюштурат.

Биз мөңгүлөрдү коргоо – бул экологдордон, окумуштуулардан тартып жаш лидерлерге жана бизнеске чейин бардыгынын биргелешкен аракетин талап кылган стратегиялык милдет деп эсептейбиз. Айрыкча, жаштарды – орто мектеп окуучуларын, студенттерди, магистранттарды жана аспиранттарды тартууга өзгөчө көңүл бурулат, анткени алардын чечимдери биздин суу келечегибизди аныктайт.

Азыртан эмне кылсак болот?

  • Көмүр кычкыл газын азайтуу – көмүртек изин кыскартып, экологиялык демилгелерди колдоо.
  •  Табиятты сактоо – суунун тең салмактуулугун жөнгө салган экосистемаларды коргоо.
  •  Билимди жайылтуу – суу коопсуздугу боюнча илимий негизделген ыкмаларды популярдаштыруу.

Мөңгүлөрдү сактоо боюнча дүйнөлүк кыймылга кошулуңуз!

Суунун келечеги – биздин колубузда.