Дээрлик миллион калкы бар өлкөнүн борбору дүйнөдөгү абанын булганышы эң жогорку он шаардын катарына кирет. Жыл сайын кыш мезгилинин башталышы менен шаарда абанын булганышынын деңгээли кескин жогорулайт.

Абанын булганышынын негизги себептери болуп транспорттон чыккан газдар, борборго жакын жайгашкан калктуу конуштарда сапатсыз күйүүчү майды колдонуу, таштанды таштоочу жайларда өрт чыгуулар саналат.

Экологдор Бишкектин атмосферасы ири өнөр жай шаарларынын абасынан да булганып, кооптуу абал жаралышы мүмкүн экенин айтышууда.

Ошондой эле Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу үчүн каражат табуу жолдору изделүүдө.

Кесиптешибиз Мария Колесникова жетектеген Жашыл альянс – MoveGreen уюмунун мүчөсү жарандардын абанын булганышынын кооптуулугун билүүсү жана жергиликтүү бийлик бул жагдайды өзгөртүү үчүн чара көрүүсү үчүн иш алып барууда.

Колесникованын айтымында, MoveGreen Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандагы абанын сапатын тез арада көзөмөлдөө үчүн AQ.kg (Air Asia) аттуу мобилдик тиркемесин даярдаган. Өткөн жылдын декабрь айында ага Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) “Жердин чемпиондору” сыйлыгы “Бишкектин абасынын сапатына жана тумандын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирине мониторинг жүргүзүү” боюнча эмгеги үчүн сыйланган.

Мария Колесникова – экологиялык активист, жаштардын укугун коргоочу жана Борбор Азиядагы абанын сапатын жакшыртуу боюнча мониторинг жүргүзүп, иш алып барган MoveGreen уюмунун лидери. Анын жетекчилиги астында MoveGreen AQ.kg тиркемесин иштеп чыкты, ал ар бир жыйырма мүнөт сайын абаны булгоочу заттардын, анын ичинде PM2.5, PM10 жана азот кычкыл газынын Кыргызстандын эки ири шаарында – Бишкек жана Ош шаарларындагы концентрациясы боюнча маалыматтарды чогултат.