Урматтуу ишкер,

Төмөндө компаниянын эко-сертификат статусун өзүн-өзү баалоо үчүн 4 тесттик варианттар бар. Сиз ар бир суроого жооп беришиңиз керек жана анын жыйынтыгы боюнча система сиздин компанияңыздын “экологиялык тазалык” деңгээлин автоматтык түрдө эсептеп чыгат. Бүгүнкү күндө биз төмөнкү маркировка категорияларын дайындайбыз:

Платина

Алтын

Күмүш

Бронза

Тесттен өткөндөн кийин, эгерде сиздин жыйынтыктоочу баллыңыз босогодон жогору болсо, биздин адистер сиздин арызыңыздын негизинде сиздин компанияңызга келип, жеринде эко-аудит жүргүзүп, жыйынтыктоочу рейтингди чыгарышат. Сиздин тесттен өткөнүңүз расмий жыйынтык болуп саналбайт. Расмий жыйынтык жыйынтыктоочу балл болуп саналат, ал Green Alliance эксперттери жүргүзгөн экосертификация боюнча эко-аудиттин негизинде ыйгарылат. Экологиялык сертификацияны жайылтуудагы аракеттериңиз үчүн рахмат!

Текшерүү баракчасын толтурууда сизге ылайыктуу жоопту тандоого жардам берүү үчүн жооптордун жанында түшүндүрмөлөр берилет. Суроолор боюнча +996 777 107 417 телефону аркылуу байланышсаңыз болот.

Биз анонимдүүлүккө жана маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик беребиз!
Анкетадан өткөндөн кийин биздин адистер сиздин компанияңызга келип, текшерүү куралдарын колдонуу менен жеринде акыркы рейтингди чыгарышат.

Урматтоо менен,
Green Alliance командасы