Skip to main content

26-апрелде Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бакта Эл аралык Парктар маршынын күнүнө карата масштабдуу акция болуп өттү – бул жерде 500 түп жаш көчөт отургузулду!

Бул акция Жашыл жумалыктын жыйынтыктоочу чекити болду.

Бул иш-чаранын уюштуруучусу Бишкек шаарындагы Орхус Борбору болду. Көчөттөрдү, жеке коргонуу каражаттарын (кол каптарды), таштанды баштыктарын жана ичүүчү сууну сатып алууга ОБСЕнин Программалык кеңсеси колдоо көрсөттү.

Өз кезегинде Ботаникалык бак отургузууга даярдыкты камсыздап, аңдарды, керектүү шаймандарды жана суу ташыгыч тракторду даярдады. Иштер башталаар алдында бардык катышуучулар коопсуздук техникасы жана отургузуу эрежелери боюнча инструктаж алышты.

Аймакты жашылдандырууга Бишкек шаарынын активдүү тургундары, Ботаникалык бактын, Орхус Борборунун, ОБСЕнин Программалык кеңсесинин кызматкерлери,Жашыл Альянс Кыргызстандын , РЭЦЦАнын өкүлдөрү, Кызыл Жарым Ай коомунун, «Жердин балдары» жана «Жаштар Кыймылы» кыймылдарынын волонтёрлору катышты.

Бардык уюштуруучуларга жана катышуучуларга кайдыгер эмес мамилелери жана Кыргызстанды жашылдандырууга кошкон салымдары үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!