
2025-жылдын 5-июнунда М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде “Азык-түлүк коопсуздугу жана жашыл экономика контекстинде тамак-аш өнөр жайындагы инновациялар” аталышындагы илимий-практикалык тегерек стол болуп өттү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана М. Рыскулбеков атындагы КЭУнин “Товар таануу, маркетинг жана ресторан бизнеси” кафедрасы БУУнун ФАО уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана “Жашыл Альянс Кыргызстан” ЮЖБ колдоосу менен уюштурду.
Тегерек столго мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жогорку жана орто окуу жайлардын окутуучулары, докторанттар, аспиранттар, магистранттар жана студенттер, ошондой эле бизнес өкүлдөрү катышты.
Бул иш-чаранын максаты жашыл экономиканын алкагында тамак-аш өнөр жайына инновациялык технологияларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптуу талкуулоо, ошондой эле продукциянын сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу, калдыктарды азайтуу жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу үчүн туруктуу чечимдерди карап чыгуу болду.
Активдүү катышкандыгы жана баалуу салымы үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз!
Биргелешип биз ар бир адам үчүн коопсуз тамак-аш азыктары жеткиликтүү болгон келечекти курабыз .