
2025-жылдын 6-мартында «Ала-Тоо» Эл аралык университети менен Жашыл Альянс Кыргызстандын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Кызматташтыктын негизги багыттары төмөнкүлөр болот:
Экологиялык журналистиканы өнүктүрүү жана жайылтуу,
Кесипкөй журналисттердин, медиа-адистердин жана блогерлердин потенциалын жогорулатуу.
“Жашыл экономика, айлана-чөйрө жана туруктуу өнүгүү” темасында жашыл подкастты ишке киргизүү пландаштырылууда.
Бул келишим коомчулуктун экологиялык көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдору жөнүндө маалыматтуулугун жогорулатууга, ошондой эле Кыргызстанда туруктуу өнүгүүнү колдоого багытталган.