Климаттык саясат жана жашыл экономика: биргелешкен аракеттер жана демилгелер
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институтунда климаттык саясатты жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө арналган маанилүү иш-чара өттү.
Иш-чаранын алкагында:
- Парник газдарынын бөлүнүшүн азайтуу боюнча демилгелерди жана чараларды талкуулап, практикалык сунуштарды айтылды.
Улуттук климаттык милдеттенмелерди ишке ашырууда негизги элемент катары экологиялык таза технологияларды жайылтуу маселеси каралды.
Жашыл каржылоо боюнча айрым долбоорлорду талдап, аларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн биргелешкен кадамдарды аныктоо менен жыйынтыкталды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Бермет Каниметова Кыргызстандын Жашыл Альянсынын аткаруучу директору «I-REC деген эмне?» темасындагы презентациясы менен бөлүштү.
Иш-чарага биздин Жашыл Альянстын мүчөлөрү, анын ичинде Жашыл энергетика, Camp Ala-Too жана «Айыл» Банкынын өкүлдөрү катышты.
Мындай жолугушуулар туруктуу келечекке жана бардык тармактарда экологиялык чечимдерди ишке ашырууга болгон маанилүү кадам!