
2025-жылдын 3-июнунда «Кыргызстандын суу байлыгы: Сыр-Дарыя, Кара-Дарыя жана Нарын дарыяларын келечек муундар үчүн сактоо – көйгөйлөрү жана чечимдери» темасында тегерек стол «Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен суу ресурстарын башкаруу» GIZ долбоор колдоосу менен өткөрүлдү.
Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы, GIZ, К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (КНАУ) жана Жашыл Альянс Кыргызстан тарабынан уюштурулду.
Тегерек столдун негизги максаты — өлкөнүн негизги дарыяларын сактоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо жана мамлекеттик, илимий жана экологиялык уюмдардын күч-аракеттерин бириктирүү. Иш-чарада туруктуу суу пайдалануу, климаттык чакырыктар жана келечек муундар үчүн суу экосистемаларын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тегерек столдун алкагында катышуучулар:
-Сыр-Дарыя, Кара-Дарыя жана Нарын дарыялары боюнча учурдагы экологиялык жана башкаруудагы маселелерди талкуулашты;
-Туруктуу суу пайдалануу боюнча тажрыйба жана билимдер менен бөлүшүштү;
-Суу ресурстары тармагындагы кызыктар тараптардын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча сунуштарды беришти.
Бул тегерек стол Кыргызстандын суу коопсуздугун камсыз кылуу багытында маанилүү диалогдук аянтча болду.