Skip to main content

Тамак-аш технологиясындагы жашыл экономика. Көйгөйлөр жана чечүү жолдору

27-мартта Жашыл Альянсынын Кыргызстандын Башкармалыгынын Төрайымы Сагыналиева Марал И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн «Тамак-аш технологиясындагы жашыл экономика. Көйгөйлөр жана чечүү жолдору» аттуу Жогорку окуу жайлары аралык студенттик илимий-практикалык конференциясында саламдашуу сөзүн айтты.

Студенттердин – келечектеги окумуштуулардын, инженерлердин жана ишкерлердин – жашыл экономика маселелерине активдүү кызыгуусуна абдан кубанычтабыз. Алардын идеялары, изилдөөлөрү жана инновациялык иштеп чыгуулары өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсү үчүн негиз түзөт.

Бул конференция билим алмашуу, чечим издөө жана жаңы өнөктөштүк түзүү үчүн маанилүү аянтча болот деп белгиленди.

Бардык катышуучуларга жемиштүү иш, мазмундуу талкууларды жана илимий изилдөөлөрүндө ийгиликтерди каалайбыз! Сиздердин энергияңыздар жана шыктанууңуздар жашыл экономиканын идеяларын ишке ашырууга жардам берсин!