Ыктыярдуу экосертификация кичи орто бизнестин климаттын өзгөрүшү шартында жашыл экономикага ийгиликтүү ыңгайлашуусун камсыз кылуу, ошондой эле атмосферага көмүр кычкыл газын чыгарууну азайтуу максатында киргизилүүдө.
Долбоордун максаты
Негизги максат – курулушта, кызмат көрсөтүүдө жана тамак-аш азыктарын колдонууда жашыл технологияларды колдонууну жайылтуу.
Экологиялык сертификаттоо жана эко-маркировка деген эмне?
- Эко-сертификат же эко-энбелги окшош өнүмдөр менен кызматтарга караганда айлана-чөйрөгө азыраак таасир эткен өнүмдөрдү жана кызматтарды таануунун далили.
- Эко-белгилер эко-мейманканаларга, эко-кафелерге жана башкаларга кошумча суроо-талапка салым кошот. башкача айтканда, бизнес секторунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жумшартылат.
- Алгачкы этапта экосертификацияны киргизүү ПЕРЕТО долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Анда 20 мейманкана, кафе-ресторандар тандалып, анда экологиялык аудит жүргүзүлүп, сапат белгиси ыйгарылат. Анын аныктыгын маалымат базасында текшерүүгө болот.