Skip to main content

2025-жылкы Органикалык Альянстын Региондук Жолугушуусу

2025-жылдын 23-25-апрелинде Бишкек шаарында органикалык айыл чарбасы жана туруктуу өнүгүү маселелерине арналган маанилүү регионалдык диалог болуп өттү.

Алты өлкөнүн – Казакстан 🇰🇿, Кыргызстан 🇰🇬, Монголия 🇲🇳, Өзбекстан 🇺🇿, Түркмөнстан 🇹🇲 жана Тажикстан 🇹🇯 – өкүлдөрү чогулуп, аймактын жашыл жана туруктуу келечегин биргелешип куруу максатын көздөштү.

Диалог аянтында катышуучулар өздөрүнүн ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, органикалык дыйканчылыктын негизги маселелерин жана келечегин талкуулашты, ошондой эле Борбордук Азиянын органикалык айыл чарба альянсын түзүү боюнча биринчи кезектеги кадамдарды аныкташты.

Жолугушуунун негизги максаттары:
✔️ Региондук кызматташтык үчүн платформаны баштоо
✔️ Борбордук Азиянын органикалык альянсын түзүүгө көмөктөшүү
✔️ Ийгиликтүү тажрыйбалар менен алмашуу жана биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуу
✔️ Казакстанда өтө турган “Органикалык Экспо 2025” форумуна жана көргөзмөсүнө даярдык көрүү

Иш-чаранын уюштуруучулар: КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана Кыргызстандын Жашыл Альянсы.