Жашыл энергетика
Жашыл энергетика – бул кайра жаралуучу булактардан өндүрүлгөн электр энергиясы: күндүн нуру, суунун агымы, шамал, толкун, геотермалдык жылуулук. Мындай энергия кайра жаралуучу же регенеративдик деп аталат.
Окумуштуулардын айтымында, “жашыл энергия” көптөгөн заманбап көйгөйлөрдү чече алат. Атмосферага эмиссияларды азайтуу абанын булганышынан келип чыккан оорулардан улам миллиондогон эрте өлүмдөрдүн алдын алат. Натыйжада саламаттыкты сактоо тармагына корогон чыгымдар да азаят.
Салттуу эмес энергия булактарына күн энергиясы, шамал, толкун, деңиз толкундары, геотермалдык жана термоядролук энергия кирет. Учурда суутекке өзгөчө үмүт артылууда, анткени аны келечектин энергиясы деп аташууда.
Биоэнергия – бул электр жана жылуулук энергиясы, аны органикалык жол менен күйүүчү майдан алышат. Биоэнергияны үч жол менен өндүрүүгө мүмкүн. Биринчиси-калдыктарды кайра иштетүүнүн натыйжасында алынат.
Энергияны альтернативдүү булактардан алуу аракетинин негизги себеби-бул түгөнбөй турган, кайра жаралуучу жаратылыш ресурстарын пайдалануу. Анткени ал экологиялык жактан таза жана үнөмдүү.
Ошондуктан Кыргызстанда жашыл энергетиканы өнүктүрүү концепциясы актуалдуу. Ал үчүн Кыргыз Республикасынын энергетикалык потенциалын чыңдоо боюнча узак мөөнөттүү иш-чаралар зарыл: Суунун агымына карабастан Токтогул суу сактагычтагы суунун жеткиликтүү көлөмүн камсыз кылуу; сууну-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу; жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды, энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана “жашыл энергияны”, анын ичинде чакан гидроэнергетиканын кубаттуулугун жогорулатуу.
Кыргызстандын Жашыл альянсы дал ушул жашыл энергетиканы жайылтуу максатында иш алып барып, кызыкдар тараптарга көмөк көрсөтүп келет.