Skip to main content

Экологиялык уюмдар суу көйгөйлөрүн чечүү аракеттеринин климаттын өзгөрүүсүнө болгон туруктуулугун талкуулашты

Экологиялык уюмдар суу көйгөйлөрүн чечүү аракеттеринин климаттын өзгөрүүсүнө болгон туруктуулугун талкуулашты


 


 

18-март, Бишкек – Жашыл альянс бирикмеси Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) жана Европа Биримдигинин колдоосу менен Бишкекте БУУнун глобалдык суу конференциясынын алкагында, суу боюнча иш-аракеттерди мобилизациялоо үчүн саясий импульс түзүү максатында кошумча иш-чара өткөрдү. “Борбор Азиядагы суу ресурстары: чакырыктар жана перспективалар” деп аталган иш-чара сууну жана санитарияны башкаруудагы туруктуу ийкемдүүлүктү, ошондой эле аймактагы кызматташтыктын келечегин талкуулоо үчүн бардык кызыкдар тараптарды  чогултту.

Платформа жарандык коом тарабынан демилгеленип, өкмөттүн, парламенттин, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөнүн, жаштар жана аялдар уюмдарынын, эл аралык уюмдардын кесипкөй адистерин камтыйт. Платформанын максаты – эксперттер үчүн билим жана тажрыйба алмашуу, чечим кабыл алуучуларга мүмкүн болгон чечимдерди сунуштоо үчүн көз карандысыз форум өткөрүү.

 

 

Жашыл альянстын директору Ильгиз Камбаров суу маселесин чечүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп: «Суу жакынкы келечекте чечүүнү талап кылган орчундуу маселелердин бири болуп калды. Биз бүгүнкү жолугушууну көйгөйлөрдү жана чечимдерди дайыма талкуулоого мүмкүн болгон аянтча катары уюштуруп жатабыз. Келечекте көз карандысыз форум катары колдоп турабыз деген үмүттөбүз”, – деди. 

 

 

Конференцияда ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын суу ресурстарына тийгизген таасири, өзгөчө мөңгүлөрдүн азайышы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, энергетика жана азык-түлүк өндүрүшүнө, экосистемалардын саламаттыгына таасирин тийгизип жатканы айтылды. Ошондой эле сууга болгон суроо-талаптын өсүп жаткандыгы жана сууну башкаруунун учурдагы механизмдерине басымды күчөтүүчү жана талаш-тартыштарга алып келиши мүмкүн болгон сууну ишенимсиз камсыздоо талкууланды.

2050-жылга карата дүйнөлүк суу керектөө 20-30% га көбөйөт, ал эми 2050-жылга карата дүйнө калкынын саны 9 миллиард адамга жетет деп болжолдонууда. Ушундай шартта суу коомдук биримдик үчүн барган сайын маанилүү маселеге айланууда, анткени ал азык-түлүк коопсуздугу, энергия өндүрүү жана экосистеманын саламаттыгы үчүн абдан маанилүү.

 

 

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен айым: «Климаттын өзгөрүшү баалуу суу ресурстарын өзгөчө стресске дуушар кылууда. Суу ресурстарын үнөмдөө чараларын күчөтүү жана жергиликтүү өнүгүү пландарына суу ресурстарын жана башка комплекстүү суу ресурстарын башкаруунун башка чараларын адилеттүү бөлүштүрүүнү жакшыртуу үчүн сууну башкаруу механизмдерин өлкөнүн өнүгүү саясатына жана инвестициялык пландарына так интеграциялоо зарыл»,-деп билдирди.

 

2023-жылдын 22-24-мартында БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өтө турган БУУнун суу конференциясы траекторияны өзгөртүүгө жана 2030-жылга чейинки жети жылдын ичинде прогресстин планын тездетүүгө мүмкүнчүлүк болуп саналат. Бул суу ресурстары боюнча иш-чараларды чечкиндүү алып барууга мүмкүнчүлүк берет. БУУнун суу конференциясы 2015-жылы климат маселеси боюнча Париж келишиминде 1,5 градус Цельсий милдеттенмесин кабыл алуу аракеттерин жасагандай, суу боюнча глобалдык көп секторлуу прогрессти тездетүү жана координациялоо максатын көздөйт.

Кыргызстанда түзүлгөн улуттук форум келечекте суу боюнча иш-аракеттер үчүн конференциядан кийинки импульсту улантуу жана сууга байланыштуу милдеттенмелерди чогултуу максатын көздөйт.

Евробиримдиктин көз карашы боюнча, тиешелүү жана ишенимдүү улуттук же сектордук стратегияга, саясатка же реформага ээ болуу башкарууну жана кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча демилгелердин негизи болуп саналат. «Учурда биз штаб-квартирага бюджеттик колдоо тармагын реформалоо боюнча контракт түзүү боюнча суроо-талап жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Негизги фокус тиешелүү саясаттарга жана реформаларга, ошондой эле бир нече ТӨМдөрдү ишке ашырууга бурулат. Ошондой эле биздин өнөктөш өлкөнүн сапаттуу мамлекеттик кызматтарга инклюзивдүү жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, аялдардын жана балдардын укуктарын илгерилетүү жана туруктуу өсүү үчүн сектордук деңгээлдеги шарттарды түзүү боюнча аракеттерине колдоо көрсөтөт», – деди Кыргызстандагы Европа делегациясынын программалык менеджери Стефано Коррадо.

Green Alliance KG’нин мүчөсү болгон “Ачык инновациялар” коомдук фонду 2022-жылдын 9-сентябрында 2023-жылдын 22-24-мартында Нью-Йоркто (АКШ) БУУнун суу конференциясына катышууга жана БУУнун штаб-квартирасынан сырткары “Борбордук Азиядагы суу ресурстары: чакырыктар жана перспективалар” деген темада расмий иш-чара өткөрүү үчүн 2023-жылдын 25-январында аккредитациядан өткөн.

***

Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүүсү жана туруктуулук» аймактык долбоору жергиликтүү улуттук жана аймактык деңгээлдеги кызыкдар тараптардын климаттын аярлуулугу жана тобокелдиктери жөнүндө билимин өркүндөтүүгө басым жасоо менен ишке ашырылууда. Долбоор тобокелдикке негизделген саясатты иштеп чыгууга жана ресурстарды башкарууга көмөктөшүү жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча практикалык иш-чараларды колдоого багытталган.

БУУӨП – БУУнун өнүктүрүү боюнча глобалдык тармагы болуп саналат. Ошондой эле, өзгөрүүлөрдү жактаган жана адамдарга жакшы жашоо курууга жардам берүү үчүн билим, тажрыйба жана ресурстар менен өлкөлөрдү байланыштырган уюм. Биздин уюмдун 170ке жакын өлкөдө жана аймактарда өкүлчүлүгү бар. Алар менен глобалдык жана улуттук өнүгүү көйгөйлөрүн чечүү жолдорун иштеп жатабыз. Жергиликтүү коомдун потенциалынын жогорулашы менен алар БУУӨПтүн кызматкерлерине жана биздин уюмдун кеңири чөйрөдөгү өнөктөштөрүнө таяна алышат.

Макаланын щилтемеси: Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН)

Ушул тема аркылуу башка платформаларда чыккан публикациялардын шилтемдери