Skip to main content

ПЖС+ (Преференциялардын жалпы баардык схемасы плюс) илгерилеши: экологиялык-экономикалык туруктуулук

                   

ПЖС+ (Преференциялардын жалпы баардык схемасы плюс) илгерилеши:

экологиялык-экономикалык туруктуулук

Жашыл Альянс жана Ачык Инновациялар (Open Innovations)

 

Жашыл Альянсы жана Ачык Инновациялар (Open Innovations), Green4 менен биргеликте 2023-жылдын 9-февралында «ПЖС+ (Преференциялардын жалпы баардык схемасы плюс) илгерилеши: экологиялык-экономикалык туруктуулук» деген темада тегерек стол өткөрүштү. Маек «М. Рыскулбеков атындагы кыргыз экономикалык университети» илимий-изилдөө университетинде өттү.  

 

 

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы делегациясынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (ЭКМ), Айыл чарба министрлигинин (АЧМ), Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП), Кыргызстандын токой жана жер колдонуучуларынын ассоциациясынын, банктардын өкүлдөрү, ошондой эле экспорт өнүктүрүү тармагындагы кесипкөйлөр, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эксперттер, Жашыл экономика жана Туруктуу өнүгүү үчүн ЖОЖдордун ассоциациясы, Окутуу жана консультация берүү борбору, жеке ишкерлер, экспорттоочулар, ИИУ (НИУ) КЭУ, КЭАУ (МУК), КУАУ (КНАУ) ж.б. ЖОЖдордун профессор-окутуучулук курамы, изилдөөчүлөр, Кыргыз Республикасынын кол өнөрчүлөр ассоциациясы, аспиранттар, магистранттар жана студенттер катышты. Өлкөнүн баардык аймактарынан зум менен туташуу аркылуу 40тан ашуун катышуучу кошулду.

 

ПЖС+ программасы баардык кызыкдар тараптар үчүн артыкчылыкка ээ бойдон, бирок 2016-жылы ПЖС+ статусун алган учурдан бери ата мекендик компаниялар жана фермер-өндүрүүчүлөр тарабынан толук жана тиешелүү ченде ишке киргизилбеген боюнча калууда. Ошого жараша бул программаны толук жана таасирдүү ишке киргизүү менен төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетүүгө болот эле.

  • Айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортунун жогорулашы;
  • Өлкөнүн ички да, сырткы да соодасында азык өнүмдөрүнүн сапатынын жана коопсуздугунун жакшырышы;
  • Айыл аймактарынын өнүгүшү (КРнын калкынын 60%дан ашууну айылдарда жашайт);
  • Программаны ишке киргизүүдө экологиялык талаптардын мониторинги;
  • Адам укуктарынын корголушу: өлкөнүн жаратылыш ресурстарын бирдей укукта колдонууга жеткилик;
  • Өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн экологиялык укуктары;
  • Өлкөнүн аймактагы инвестиция тартуучулугунун жогорулашы, жаңы өндүрүштүк жана экспорттук кубаттуулуктардын ачылышы, жаңы жумуш орундарын түзүү;
  • Өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн артышы;

 

 

М. Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУнун ректору Кадыралиев Алмаз Токтобекович иш-чараны ачып, практиктер менен теоретиктердин, ЖОЖдор менен соода тармагындагы адистердин, эксперттердин ортосундагы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана зарылдыгы жөнүндө айтты. М. Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУда БУУ ЕЭКнын көмөгү менен Соода иштерин жөнөкөйлөтүү боюнча борбор ачылган, бул өлкөдөгү экспорт-импорт ишмердигин жөнөкөйлөтүп жана илгерилетүүдө ЖОЖдордун дареметин көрсөтүп турат.

 

 

 

Тегерек столдун модератору, Кыргызстандын жашыл альянсынын аткаруучу директору Ильгиз Камбаров иш-чаранын максаты ПЖС+ боюнча талкууну баардык кызыкдар тараптар арасында жаңылап, өлкөнүн фермерлерине Европалык Биримдиктин өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгуунун өзгөчөлүктөрү жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жеткирүү, ошону менен бирге экология, курчап турган чөйрө жана укуктун үстөмдүгү боюнча суроолорду эске алуу деп белгиледи.

 

 

 

Президенттин администрациясынын Реформалардын мониторинги жана анализи бөлүмүнүн башчысы Шаазадан Тюмонбаев 2016-жылдын 26-январында Европалык Биримдик (ЕБ) Кыргызстанга ПЖС+ статусун ыйгарганын белгиледи. Бир жагынан бул статус өндүрүүчүлөргө европалык континенттеги тиричиликтин жаңы рынокторуна жеңилдетилген жеткилик берет, а дагы бир жагынан болсо, ПЖС+ преференцияларынын баары мыйзамдын үстөмдүгү, адам укуктары жана эл аралык келишимдер менен байланышта. Биздин соодалык тең салмактуулубуз терс болгондуктан КыргызстанПЖС+ программасын ата мекендик өндүрүшчүлөр Европалык Биримдиктин кепилдиктүү рыногуна чыгуусу үчүн колдонушу абдан маанилүү.

 

Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты башкармалагынын эксперти Джусумалиев Нурлан Европалык Биримдиктин туруктуу өнүгүүнү жана таза абийирден башкарууну жөнгө салуу боюнча атайын схемасы (ПЖС+) анын алкагында өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн ЕБнын бир тараптуу преференцияларынын бир бөлүгү болуп, ЕБнын товарларына (446 млн.) жеңилдетилген бажы алымы менен жетүүгө мүмкүндүк берерин эске салды.   Ал ошондой эле Кыргызстан коопсуздук, сапат, таңгактоо, товарларга белги коюу боюнча талаптарды аткарууга милдеттүү экенин, ал эми ЕБ өлкөлөрүнүн аймагына экспорттолгон товарлар талапка жооп бере тургандыгы сөзсүз түрдө документтүү ырасталышы керек экенин белгиледи. Муну менен бирге ЕБ рыногуна киргизилген товардын келип чыгышы ПЖС+ үчүн товарлар кайсы өлкөдө чыгарылганы аныкталуучу эрежелерге төп ырасталышы шарт.

 

Экспортту өнүктүрүү боюнча кесипкөй адис жана ПЖС+ суроолору оюнча эксперт Урмат Такиров ПЖС+ талаптарын жана техникалык процедуралардын ар бирин сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. 450 млн’дон ашуун калкы бар Европа рыногуна жеткилик оңой процесс эмес, техникалык-материалдык базаны, өндүрүш процессин, логистика эсебин, товарды бренддөө жана башка көп нерсени жакшыртууну талап кылат. Ал ПЖС+ 2016-жылдан бери күчүндө экенин, 27 конвенцияны сактоону талап кылаарын, ошону менен бирге тез бузула турган (чувсвительные) товарларды да кошо эсептегенде, товарлардын 6200 аталышына алымдардын баасы төмөндөтүлгөнүн, тактап айтканда бул ЕБ тариф сызыгынын 66%ын түзөөрүн эске салды. Урмат Такиров 2020-жылдын 1-январынан баштап Преференциялардын баардык жалпы схемаларынын (ПЖС+) алкагында ЕБ, Норвегия, Швейцария жана Түркияга аныкталуу өлкөлөрдөн импорттоо учурунда келип чыгыш сертификациясын алдын ала караштырчу REX системасы киргизилгенин кошумчалады. Кыргызстандагы оператору КРнын Президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттик болууда.

 

КРдагы Европалык Биримдиктин делегациясынын өкүлү Стефано Коррадо ЕБ жергиликтүү өндүрүшчүлөр жана эскпорттоочуларга аралыктан билим берүү аянтчалары аркылуу техникалык жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн көтөрүү үчүн көмөкчү болууга даяр экенин жана бул ишти улантып жатканын белгиледи. Ошондой эле ПЖС+ программасынын алкагында компаниялар жана өндүрүшчүлөр үчүн экспорттоо учурунда эсепке алуу зарыл болгон стандарттар жөнүндөгү маалыматтарды берип турган соода порталы түзүлгөн.

 

 

 

Долбоорлор боюнча улуттук кеңешчи, Кыргызстандын токой жана жер  колдонуучуларынын ассоциациясын тааныштыруучу Насыр Канатбеков Европалык Биримдиктин рыногуна как, жаңгак, каперс, жапайы алма, мисте, ноя жана башка токой өнүмдөрүн экспорттоодогу тажрыйбасы менен бөлүштү. Насыр Канатбеков ошондой эле өнүмдөрдү эл аралык стандарттарга ылайык сертификациялоо, токой жана айыл чарба өнүмдөрүн үч өлкөгө: Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанга илгерилетүү жөнүндө айтып берди. Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас областтарын камтып, Кыргызстандын токой жана жер колдонуучуларынын ассоциациясы 4000 фермер жана токой ээлеринин өндүрүштүк жана экспорттоочулук дареметин жогорулатуу боюнча иш жүргүзүп жатышат. Алардын 80%ы аялдар экени гендердик тарабын эсепке алуунун айкын үлгүсүн билдирет.

 

Өз кезегинде техникалык илимдердин доктору, М. Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУнун бөлүм башчысы, профессор, Кыргызстандын инженерлер академиясынын мүчө-корреспонденти Алымбеков Кеңешбек Асанкожоевич ПЖС+ программасын ишке киргизүү үчүн каралган шарттарды жана жол-жоболорду эске салып өттү. Алар экономикалык, экологиялык жана тиешелүү курулуштук компоненттерден турат. Профессор экологиялык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жолунда изилдөө, сыноо боюнча жана кадрлык чакырыктарды бөлүп көрсөтүү менен программа боюнча милдеттерин аткарууда артта калууга алып келип аткан көйгөйлөрдү да белгиледи. ПЖС+ программасын КРда ишке киргизүүнүн экологиялык-экономикалык туруктуулугуна жетишүүдөөгү көйгөйлөрдү чечүүнүн башка жолдорунун арасынан Кеңешбек Алымбеков төмөнкүлөрдү сунуш кылды: 1) Европалык Биримдиктин рыногу үчүн экологиялык артыкчылыктагыларды биргелешип изилдөө, сыноо, илгерилетүү, сапат жана коопсуздук мониторинги боюнча ведомстволор аралык, ЖОЖдор аралык консорциумду түзүү; 2) сапат, коопсуздук жана өнүмдүн чыгышынан баштап аягына чейин байкоо жүргүзүлгүдөй болушу жаатында  ККБ (ДПО), ОКБ (СПО), ЖКБ (ВПО) жана ПВО билим берүү программалары боюнча квалификацияланган адистерди даярдоону жүзөгө ашыруу; жана 3) Жашыл экономиканын, экосистемалардын, биотүрдүүлүктүн, кластердик чынжырчанын баардык чиркелмесинин: фермерлердин, товар өндүрүүчүлөрдүн, логистика боюнча ылайыктуу кызматтардын, сооданын, коомдук тамактануунун, бажынын, ошондой эле сапат менеджментинин түзүмү жана азык коопсуздугунун негиздери боюнча түзүмдүк маалымат-окутуучулук иштерди киргизүү.

 

ПЖС+ программасындагы азыктык коопсуздук түзүмү боюнча техника илимдеринин кандидаты, профессор М. Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУ PSSC 22000 (IRCA) боюнча аудитор Джурупова Бермет айтып берип, азыктык өнүмдөрдүн коопсуздугу үчүн мамлекет жана өнөр жай биргелешип жооп берерин эске салды. Атап айтканда ЕБдагы жана ЕАЭБдагы азыктык коопсуздукка мамиледеги, азык тармагындагы субъекттерге талаптардагы, ХАССП принциптеринин колдонулушундагы айырмачылыктарды бөлүп көрсөттү. Анын айтымында көйгөй азыктык өнүмдөрдүн коопсуздугу жаатында бирдиктүү мамлекеттик органдын жоктугунда катылып жатат

 

«ЭКОИС-Бишкек» КБдан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эксперт Индира Жакыпова Стокгольм конвенциясына көңүл буруп, экологиялык конвенциялардын аткарылыш маселесин козгоду. ЕБнын туруктуу өнүгүү жана таза абийирден башкаруу боюнча атайын схемасынын (ПЖС+) колдонуучусунун статусун алуу үчүн негизги талаптардын бири эл аралык 27 келишимдин ратификациясы болуп саналат (БУУ/ЭЭУ МОТ). Бул конвенциялар адам укугу, эмгек укугу, табиятты коргоо иш-чаралары, климаттын өзгөрүшү, тиешелүү башкаруунун принциптери маселелерин козгойт. Эксперт ошондой эле көйгөйлөрдү чечүүнүн бир нече сунуштарын берди, мисалы: химиялык каражаттарды жакшы колдонуунун тажрыйбалары, алардын керектөөчүлөрдүн өздөрү жана курчап турган айлана-чөйрө үчүн кооптуулугу жөнүндө; экспозиция жолдору; коомчулуктун химиялык коопсуздук суроолору боюнча билим деңгээлин жогорулатуу, өкмөттүн бул жаатта тобокелчиликтери жана кыймыл-аракеттери жөнүндө керектөөчүлөрдү маалымдар кылуу жаатында  өкмөттүк эмес уюмдарды, көз карандысыз эксперттерди, ЖМКларды тартуу.

 

 

ПЖС+ программасын ишке ашыруунун ийгиликтүү кейс, механизмдерин Open Innovations изилдөөчүсү Марал Сагыналиева көрсөтүп берди. Тактап айтканда артыкчылык берилиши керек тараптарды аныктоо, дифференциация, сапаттуу мамиле, өзгөртүп түзүү боюнча агенттер, жергиликтештирилген түзүмдөр кире турган негизги компоненттерди көрсөттү. Изилдөөчү өзгөртүп түзүү боюнча агенттер – фермерлер ишеним арткан, өз ара үзгүлтүксүз байланышкан адамдар экенин белгиледи. Өзгөртүп кайра түзүүдөгү максаттар фермалардагы майда өзгөрүүлөрдө таасирдүү ишке киргенде гана жүзөгө ашат. Өзгөртүп кайра түзүүдөгү өзгөрүлүү агенттери фермерлер менен өтө маанилүү өз ара мамилени камсыз кылат.

 

 

 Эл аралык Ала-Тоо университетинин илим департаментинин директору, Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү үчүн ЖОЖдордун альянсынын координатору Назира Эсеналиева экология, соода, туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика жаатындагы суроолорго жооп издөөдө ЖОЖдордун кызматташуусунун маанилүүлүгүн айткан таанытма даярдаган.

 

 

КЭУнун ага окутуучусу Осмонова Берметтин айтканы боюнча экологиялык-экономикалык туруктуулук маанилүү суроо бойдон калууда жана өсүү зарылдыгы бар. Ушул эле учурда Германия ЕБга кактарды (25,8%), грек жаңгагын (30,3%) негизги импорттоочу болуп калууда.

 

Болуп өткөн тегерек стол суроонун орчундугун жана ага кызыгуу да жогору экенин көрсөттү, анткени кызуу талкуу, жандуу пикир алышуулар менен өттү. Жеке ишкерлер өз мисалдарын келтирип, эксперттерге көңүл өйкөгөн суроолорду беришти. Тегерек стол учурунда аралыктан катышуучулардын суроолору да угузулду.

Кыргызстандын жашыл альянсынын аткаруучу директору Ильгиз Камбаров ата мекендик өндүрүүчүлөр, эксперттер ж.б. кызыккан тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн чындап жакшыртуу үчүн ПЖС+ программасын илгерилетүүнүн туруктуу жана узак мөөнөттүү саясатын иштеп чыгуу керектигин айтып жыйынтыктады. Ал ошондой эле Кыргызстандын жашыл альянсынын вазыйпасы соода болобу, айыл чарбасы болобу, экономиканын бардык тармактарында экологиялык көйгөйлөр жөнүндө маалымдарлыкты жогорулатуу экенин белгиледи.

 

 

 

 

 

 

 

 

Бул чыгарылыш «Кыргызстандагы жана Чыгыш Европадагы, Кавказдагы, Борбор Азиядагы климатты коргоого берилгендик» долбоорунун алкагында даярдалды. Долбоор «Мувгрин» КБсы аркылуу ишке ашырылган, «Хлеб для мира» (Bread for the World) эл аралык агенттиги аркылуу каржыланган. Бул жерде баяндалган пикирлер, тыянактар, жыйынтыктар (ОЮЛ) «Зеленый Альянс КейДжи» (Green Alliance KG) ЮЖУ, Опен Инновейшнс (Open Innovations) Грин Фо (Green For) авторлоруна таандык жана сөзсүз түрдө Bread for the World’дун көз карашын билдирбейт.