Skip to main content

КТРК телеканалында “Жашыл айыл сааты” программасы ачылат

By 20.04.2022April 25th, 2022Жаңылыктар

КТРК телеканалында элет калкынын “Жашыл” технологиялар тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу максатында “Жашыл айыл сааты” программасы башталат. Мындай буйрукту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев тиешелүү министрликтерге берди.

13-апрелде КТРКнын кеңсесинде Айыл чарба министрлигинин, КТРКнын, Агроөнөр жай комплекси ассоциациясынын жана GIZдин, Кыргызстандын Жашыл альянсынын өкүлдөрүнүн ортосунда Жашыл айыл сааты» жумалык программасын жүзөгө ашырууга байланыштуу жолугушуу жана талкуу болуп өттү.

Биринчи саны 2022-жылдын апрель айында чыгат деп пландалууда. Мазмун даярдоого Айыл чарба министрлиги, “Жашыл альянс” жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы кызыкдар.

1 сааттык телекөрсөтүүдө ар жума сайын көрүүчүлөр менен практикалык тажрыйба алмашуу форматында, бул технологияларды ийгиликтүү киргизген бир чарбанын мисалында, мал чарбачылыгындагы жаңы “Жашыл” технологияларды жана жетишкендиктерди көрсөтүү пландалууда.

«Мындай комплекстүү мамиле аркылуу гана жашыл технологиялардын артыкчылыктарын дыйкандарга жеткирүү жана аларды жашыл технологияларды колдонуу менен дыйканчылыкка өтүүгө түрткү берүүгө болот», – дейт айыл чарба эксперти, Кыргызстандын Жашыл Альянсынын мүчөсү Арстанбек Кадыров.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 4-февралында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында өткөн бизнес чөйрөсүнүн жыйынында Кыргызстандын Жашыл альянсынын мүчөлөрү КТРК телевидениесинде «Жашыл айыл сааты» программасын ачууну сунушташкан.