Коомдук тамактануу уюмдары үчүн тест кош келиңиз
Урматтуу ишкер,
Төмөндө компаниянын экосертификациясынын статусуна өзүн өзү баалоо үчүн негизги критерийлердин тизмеси келтирилген. Баалоо 9 бөлүктөн турат жана компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын камтыйт, кээ бир пункттар сиздин бизнесиңизге тиешелүү болбой калышы мүмкүн. Ар бир суроого жооп беришиңиз керек жана анын жыйынтыгы боюнча система сиздин компанияңыздын “жашылдык” деңгээлин автоматтык түрдө эсептеп чыгат. Мүмкүн болгон эң жогорку балл 87 упай. Бүгүнкү күндө биз маркировкалоонун төмөнкү категорияларын ыйгарабыз:
1. Платина (96% - 100%) - 83төн 87 баллга чейин
2. Алтын (86% - 95%) - 74төн 82 баллга чейин
3. Күмүш (76% - 85%) - 65тен 73 баллга чейин
4. Коло (65% - 75%) - 58ден 64 баллга чейин
Текшерүү баракчасын толтурууда сизге ылайыктуу жоопту тандоого жардам берүү үчүн жооптордун жанында түшүндүрмөлөр берилет. Суроолор боюнча +996 312 901 216 телефону аркылуу байланышсаңыз болот. Анкета убакытыңыздын орточо 30 мүнөтүн алат. Биз анонимдүүлүккө жана маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик беребиз! Анкета толтурулгандан кийин, биздин адистер сиздин компанияңызга келип, жеринде текшерүү куралдары аркылуу акыркы рейтингди белгилешет.
Экологиялык сертификацияны жайылтуудагы аракеттериңиз үчүн рахмат!
Урматтоо менен,
Жашыл Альянстын командасы
Сиздин атыңыз
Электрондук почта (тесттин жыйынтыгы менен электрондук кат сиздин электрондук почтаңызга жөнөтүлөт)
Сиздин бизнесиңиз канчадан бери иштейт?
Сиз тапшыргыңыз келген кошумча маалымат
Мекеменин экологиялык стратегиясы:
Сиздин мекемеңиздин экологиялык стратегиясы барбы/мекеменин ар тармакка тийиштүү так жазылган максаттарын жана күтүлүү натыйжасын камтыган саясатында эко издерди азайтуу боюнча документтер (жоболор, инструкциялар ж.б.)?
Маалымдоо/ кызматкерлерди күнүмдүк жашоо тиричиликте жана жумушта экологиялык жөндөмдөргө окутуу:
Сиз өзүңүздүн бизнесиңизде экологиялык туруктуу ыкмаларды кантип колдонуу керектиги боюнча кызматкерлериңизди үйрөтөсүзбү/маалымат бересизби?
Сууну үнөмдөө:
Сиз колдонуп жаткан сууну көзөмөлгө аласызбы? Ишканаңызда сууну үнөмдөө боюнча иш-чараларды ишке ашырдыңызбы (суу эсептегичтер, крандагы сенсорлор ж.б.)?
Саркынды сууларды тазалоо:
Сууну тазалоо системаңыз барбы?
Жамгыр сууларын чогултуу жана пайдалануу:
Сиз жамгырдын суусун ар кандай максаттарда (мисалы, ажаткананы жуу учурунда, сугарууда, тейлөөдө) чогултуп, колдоносузбу?
Кир саркынды сууларды калыбына келтирүү жана кайра пайдалануу:
Сиз кир саркынды сууларды (идиштерди жуугандан, кир жуугандан же жуунууга колдонулгандан кийинки сууну, өнөр жайлык пайдалануу үчүн тазаланган сууну) кайра иштетип, кайра колдоносузбу?
Жалпы таштандыларды башкаруу:
Сизде таштандыларды башкаруунун жалпы системасы барбы?
Тиричилик катуу таштандыларды алдын алуу:
Сиз өз мекемеңизде тиричилик катуу таштандыларды алдын алуу/минимизациялоо боюнча ар кандай чараларды көрүп жатасызбы (мисалы: кагаз, желим бөтөлкө, политилен пакет ж.б)?
Таштандыларды алдын алуу жана азайтуу үчүн кардарлар менен иштөө:
Конокторго таштандыларды алдын алуу жана азайтуу боюнча кандайдыр бир жолдор менен маалымат берүүгө умтулуп жатасызбы?
Таштандылардын пайда болушун алдын алуу: циркулярдуу чечимдер
Циркулярдуу чечимдерди практика жүзүндө колдоносузбу (мисалы, кайра пайдаланууну, эски буюмдарды жана жабдууларды кайра иштетүү ыкмасы менен өмүрүн узартууну, оңдоп-түзөөнү, креативдүү пайдаланууну ж.б.), ошол эле потенциалдуу таштандылар менен күрөшүүдө (мисалы, эски эмеректер, текстиль, тамак-аш)?
Тамак-аш калдыктарын алдын алуу:
Тамак-аш калдыктарын алдын алуу үчүн белгилүү бир ыкмаларды жана жөндөмдөрдү ишке ашырдыңызбы? (мисалы, бөлүктөрүн оптималдаштыруу, компостоо, ж.б.)
Тиричилик катуу таштандыларды сорттоо (андан ары иштетүү жана/же чогултуу пункттарына жеткирүү):
Тиричилик катуу таштандыларыңызды сорттойсуңарбы (мисалы: кагаз, желим бөтөлкө, политилен пакет ж.б)?
Энергия керектөөсүн оптималдаштыруу жана СО2 көмүртектин изин азайтуу боюнча системалуу ыкманы ишке ашыруу:
Энергия натыйжалуулугуңуздун ар кандай аспектилерине карата энергия керектөөсүн оптималдаштыруу, ошондой эле көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн азайтуу боюнча системалуу ыкма же уюштуруу саясаты барбы (СО2 / ишкананын көмүртек изи)?
Кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу:
Сиздин мекемеңизде ар кандай максатта (ысык суу, жылуулук, кошумча электр энергиясы үчүн ж.б.) кайра жаралуучу энергия булактарын колдоносуңарбы?
Имараттын тышын жылуулоо аркылуу энергия натыйжалуулугу:
Имаратты жылуулоодо энергия натыйжалуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүгн карап чыктыңызбы (дубалдар, шып, кабат жана терезелер) ал иш аракет боюнча чараларды ишке ашырдыңызбы?
Жылытуу, желдетүү жана кондиционер системаларын модернизациялоо аркылуу энергия натыйжалуулугу:
Заманбап энергия натыйжалуу жылытуу, желдетүү жана кондиционер системаларын колдоносуңарбы?
Үнөмдүү жарыктандыруу системалары аркылуу энергия натыйжалуулугу:
Имаратыңызга үнөмдүү жарыктандыруу системаларын киргизүү аркылуу энергия натыйжалуулугун жогорулатуу иш-аракеттерин жүргүзүп жатасызбы (led чырактары, кыймыл сенсорлор, күн энергиясы менен камсыздалган сырткы жарыктандыруу ж.б.)?
Энергия натыйжалуулук: башка жайлар (бассейн, кир жуугуч бөлмө, башка электр шаймандары):
Сиз ишканаңыздын башка тармактарында энергияны үнөмдөө ыкмаларын карап чыктыңызбы?
Тазалоочу каражаттарды алдын алуу, азайтуу жана тандоо
Тазалоочу каражаттарды колдонууну азайтууга аракет кылып жатасызбы/же экологиялык таза каражаттарды колдоносуздарбы?
Буюмдарга аяр мамиле жасоо жана аларды экологиялык ыкмалар менен колдонуу (эмерек, текстиль, кагаз ж.б.)
Экологиялык таза жана туруктуу материалдардан ар кандай буюмдарды (эмерек, сүлгү, ж.б.) сатып алуу жөнүндө ойлонуп көрдүңөр беле? Оңдоп-түзөөдө, кайра пайдаланууда, кайра иштетүүдө?
Курулуш материалдары
Имаратты курууда экологиялык таза курулуш материалдарын жана ыкмаларын колдондуңуз беле?
Эко-мобилдүүлүктүн варианттары (зарыл болгондо гана)
Экологиялык транспорттордун жана эко-мобилдүүлүктүн кайсы бир варианттарын колдонуу үчүн акысыз, же арзан, же жеткиликтүүлүктү баада камсыз кылып жатасызбы?
Мейманкананын ичинде эко транспортту колдонуу
Сиз жана кызматкерлериңер эко-транспорттун / эко-мобилдүүлүктүн кандай варианттарын колдонуп жатасыздар?
Экологиялык азык-түлүк менен камсыз кыла турчу булактар жана ташып берүүчүлөр
Экологиялык азык-түлүктөрдү камсыз кыла турчу булактарды жанааларды ташып берүүчүлөрдү (азык-түлүк азыктарын) тандайсызбы?
Аймактын айлана- тегерегиндеги экологиялык практика
Айлана-тегеректеги аймактарга экологиялык кам көрүү ыкмаларын колдоносуңарбы (мисалы, жашылдандыруу, табигый пейзаждарды киргизүү, эко-бактар, сугаруунун үнөмдүү ыкмалары, жергиликтүү биотүрдүүлүктү колдоо ж.б.)?
Уюштуруу стратегиясынын/ Коомдук жоопкерчилик боюнча саясатынын болушу
Сиздин мекемеңизде мисалы, жергиликтүү коомчулук, аярлуу калктын катмары үчүн кайрымдуулук ж.б. у.с. иш-чаралардагы коомдук жоопкерчилик жана анын пайдалары боюнча уюштуруу стратегиясы / саясаты барбы? (иш-чаралар, так максаттары жана эрежелери менен)?
Жергиликтүү калк үчүн жумуш орундарын түзүү
Жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү үчүн же калктын өзгөчө аяр жана муктаж топтору үчүн жумуш орундарын түзөсүңөрбү?
Коомдук иш-чаралар
Жергиликтүү коомчулук үчүн атайын коммерциялык эмес иш-чараларга катышасызбы же уюштуруудасызбы?
Жергиликтүү маданий мурастарды/экологиялык мурастарды сактоого жардам берүү ж.б.
Жергиликтүү маданий жана / же экологиялык мурасты сактоого жардам бересизби (мисалы, маданий жана тарыхый эстеликтерге кам көрүү, ишембиликтерди уюштуруу же аларга катышуу, майрамдык иш-чараларга катышуу ж.б.)?