Курорттук жайларга тест кош келиңиз

Урматтуу ишкер,

Төмөндө компаниянын экосертификациясынын статусуна өзүн өзү баалоо үчүн негизги критерийлердин тизмеси келтирилген. Баалоо 9 бөлүктөн турат жана компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын камтыйт, кээ бир пункттар сиздин бизнесиңизге тиешелүү болбой калышы мүмкүн. Ар бир суроого жооп беришиңиз керек жана анын жыйынтыгы боюнча система сиздин компанияңыздын “жашылдык” деңгээлин автоматтык түрдө эсептеп чыгат. Мүмкүн болгон эң жогорку балл 87 упай. Бүгүнкү күндө биз маркировкалоонун төмөнкү категорияларын ыйгарабыз:
1. Платина (96% - 100%) - 83төн 87 баллга чейин
2. Алтын (86% - 95%) - 74төн 82 баллга чейин
3. Күмүш (76% - 85%) - 65тен 73 баллга чейин
4. Коло (65% - 75%) - 58ден 64 баллга чейин

Текшерүү баракчасын толтурууда сизге ылайыктуу жоопту тандоого жардам берүү үчүн жооптордун жанында түшүндүрмөлөр берилет. Суроолор боюнча +996 312 901 216 телефону аркылуу байланышсаңыз болот. Анкета убакытыңыздын орточо 30 мүнөтүн алат. Биз анонимдүүлүккө жана маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик беребиз! Анкета толтурулгандан кийин, биздин адистер сиздин компанияңызга келип, жеринде текшерүү куралдары аркылуу акыркы рейтингди белгилешет.

Экологиялык сертификацияны жайылтуудагы аракеттериңиз үчүн рахмат!

Урматтоо менен,
Жашыл Альянстын командасы

Сиздин атыңыз
Электрондук почта (тесттин жыйынтыгы менен электрондук кат сиздин электрондук почтаңызга жөнөтүлөт)