Skip to main content

Жашыл Альянс Нью-Йоркто өткөн БУУ суу конференциядан кийинки талкуу өткөрдү

31-мартта, Жашыл Альянс Open Innovations жана Green4 менен өнөктөштүктө Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы колдосуу менен, 22-24-мартында Нью-Йоркто болуп өткөн БУУнун суу конференциясынын катышуучулары менен конференциядан кийинки талкуу (рефлексия) өткөрдү. Жолугууда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын, Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөр жана гидроэнергетика Иституту, Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы, Тянь-Шань изилдоо илимий борбору, суу адистер, илимпоздор жана экспертер катышышты.

 

Кызыкдар тараптар үчүн ачык аянтча катары жолугушуу бир гана конференциянын кандай өткөнү тууралуу эмес, теги Кыргызстандагы жана аймактагы суу темасындагы көйгөйлөр жана перспективалар жөнүндө да талкуулоого мүмкүндүк берди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди” ишке ашыруу боюнча Атайын өкүлү Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич Нью-Йоркто өткөн иш-чарадан алган таасири менен бөлүшүп, суу келечеги жана мүмкүнчүлүктөр боюнча пикири менен бөлүштү. Кыргызстандын ички жана эл аралык деңгээлге суу темасын жогоруу которгонго шанс бар деди.

 

 

Ал эим Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) суу ресурстары боюнча эксперти Матраим Юсупов, бул конференция улуттук жана глобалдык деңгээлде суу маселесине көбүрөөк көңүл бурууга себеп болгонун баса белгиледи. эскирген НПАларды, сууну пайдалануу боюнча стандарттарды жакшыртуу жана өркүндөтүү керек деп ой болушту.

 

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Суу ресурстарын башкаруу долбоорунун менеджери Микеле Рекскалдани, Евробиримдик Кыргызстанда суу менен камсыздоо секторун өнүктүрүүгө умтуларын жана ЕБ суу жана санитария секторунда алектенерин кошумчалады. өлкөнүн 24төн ашык шаарлары жана айылдары, объектилерин калыбына келтирүү жана жергиликтүү муниципалитеттерге колдоо көрсөтүү. Ал ошондой эле Евробиримдик Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндеринде инвестициялык долбоор боюнча сунуш даярдап жатканын кошумчалады. Евробиримдик өз кызматташтыгын улантууга даяр жана суу боюнча улуттук стратегияда каралган иш-чаралар планына ылайык Кыргызстандын өкмөтү менен суу тармагын реформалоодо кызматташууга ниеттенүүдө, деп жыйынтыктады Рекскалдани М.

 

 

Жашыл Альянстын директору Ильгиз Камбаров өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушу үчүн суунун ролунун маанилүүлүгүн жана аны коомдун шартын жакшыртуу үчүн жана натыйжалуу пайдалануу үчүн суу ресурстарын координациялоого көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

 

 

 

 

Бул жолугушуу 2023-жылдын 18-мартында БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен өткөрүлгөн «Борбордук Азиядагы суу ресурстары: чакырыктар жана перспективалар» аттуу БУУнун Штаб-квартиратынын алдында параллелдүү БУУ тарабынан аккредиттелген расмий иш-чаранын уландысы болду. Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү жана туруктуулук» долбоору.