Skip to main content

«Жашыл Альянс Кыргызстан» жана «Namba Media» кызматташуу Меморандумуна кол коюшту


2023-жылдын 18-сентябрында заманбап жашыл технологияларды, жашыл экономиканын принциптерин, жашыл айыл чарбасын өнүктүрүү, жашыл принциптерди колдонуу менен кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, жашыл каржылоо жана Кыргыз Республикасындагы тиешелүү тармактар боюнча биргелешкен медиа иш-чараларды өткөрүү максатында биздин Альянс менен “Namba Media” медиахолдинги ортосунда Меморандумга кол коюлду.
Тарыхын, жетишкендиктердин жана Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын өнүгүшүнө кошкон салымын эске алып, биз “Namba Media” жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирүү менен биргеликте, биздин катарда прогрессивдүү жана чыгармачыл команданы көргөнүбүзгө кубанычта экенибизди билдиребиз.