Skip to main content

2022-жыл Кыргызстанда Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы деп жарыяланды

Кыргызстанда 2022-жыл Тоо экосистемаларын коргоо жана климатка туруктуулук жылы деп жарыяланган. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Садыр Жапаров кол койду.

Ал климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөө максатында кабыл алынган.

Президенттин жарлыгына ылайык, министрлер кабинетине 1-мартка чейин Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылына карата жол картасын иштеп чыгып, бекитүү тапшырылды.

Анын алкагында айыл чарба, энергетика, өнөр жай тармактарында экологиялык жана климаттык иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле токой чарбасын, экотуризмди өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү маселелери каралууда.

Кыргыз Республикасынын демилгеси менен 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды Туруктуу тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоо боюнча резолюцияны бир добуштан кабыл алышты.

Мамлекет башчынын Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясында жана Глазгодо өткөн климаттык лидерлердин саммитинде билдирүүсүндө айтылган Кыргыз Республикасынын бир катар башка демилгелерин илгерилетүү маселелери азыр иштелип чыгууда.

Эске салсак, 2019-жылы Кыргызстан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясын ишке ашыруунун алкагында Париж келишимин ратификациялаган. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы милдеттенмелери климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүү планы жана парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча глобалдык аракеттерге өлкөнүн салымы болуп саналган Улуттук аныкталган салым (NDC) түрүндө берилген.

Ошентип, ал парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу милдетин алды, атап айтканда, 2030-жылга карата өлкө эмиссияны «Адаттагыдай эле» сценарийи боюнча 15,97 пайызга жана эл аралык колдоо менен 43,62 пайызга кыскартууга милдеттенди.

Мындан тышкары, 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп климаттын туруктуулугу жана БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына ылайык экономиканы өнүктүрүү саналат.