Skip to main content

«Агро Чарба»  программасы “Асыл тукум малды бордоп, семиртүүдө кандай жаңы технологиялар колдонулууда?”- деген темада атайын чыгарылыш даярдаган

By 20.05.2022May 23rd, 2022Жаңылыктар

«Агро Чарба»  программасы “Асыл тукум малды бордоп, семиртүүдө кандай жаңы технологиялар колдонулууда?”- деген темада атайын чыгарылыш даярдаган. Программа  бул тармакта 25 жылдан ашык тажрыйбасы бар Бакыт мырзанын фермасына барып, өзүнөн маалымат жана абдан маанилүү суроолорго жооп алган.
Фермада ар кандай багыттагы малдар багылат, ал эми бул чыгарылышта Бакыт мырза эт багытындагы букаларды  өстүрүүгө басым жасап, кеп-кеңеши жана тажрыйбасы менен бөлүшүп өттү.
Фермердин айтымында буканын этинин майы канчалык аз болсо ошончолук кымбатыраак жана баалуу болот. Андай букаларды ал атайын стейк методу менен багат. Бул метод букаларды асты жыгачтан жасалган жылуу сарайда, жылуу суу менен багып, тамагын белгилүү убакта берип өстүрүү болуп саналат. Адатта букаларга 3-4 маал тамак берилип өстүрүлөт. Мындай багылган малда майдын өлчөмү көбүрөөк болуп, өтө көп чыгымды талап кылат. Ал эми программанын каарманы башка жолдорду колдоноорун жана чыгымды азайтуу боюнча атайын өзүлөрү түзгөн режим мене иш алып барарын айтып өттү.
Букаларды бордоодо жана сатып алууда көнул буруулуучу факторлор:
✔ Асыл тукум мал сатып алуу
✔ Фермердин каалоосуна жараша багытын (сут, эт ж.б) тандап алуусу
✔ Багуу учурунда малдын тамак рационуна маани берүү
✔ Атайын тузулгөн шарттарда багуу
✔ Жем-суу берүүдө күнүмдүк тартипти сактоо
“Союз кулаганда, колхоздор колго өткөндөн баштап өлкөбүздө асыл тукум мал абдан азайып кетти. Кубанычтуусу акыркы 3-4 жылдан бери жарандарыбыз асыл тукум малдарды багууга басым жасап башташты. Фермерлер аларга болгон суроо- талаптын жогорулуугун жана пайдасын түшүп жатышат”, – дейт Бакыт мырза.
Малды бордоо ыкмалары жана шарттары:
– Полдун жыгачтан болуусу тамактын синимдүүлүгүн жакшыртып, мал батыраак семирет
– Букалар бири-биринен жем талашпоосу үчүн аларды атайын темир менен бөлүп коюу абзел
– Жылуу суу менен камсыз кылуу үчүн атайын жылытуу ситемасынын болушу
– Жай айында сарай ысык деп терезе ачканга болбойт, сырттан келген жел малга жаман таасир берет
Акчасы аз жарандар мал менен бизнес кылуу учун РСК жана Айыл банкттарынан лизинг жана кредитке акча алса болот. Ортодо кыйынчылыктар болбоосу үчүн банктар малды түзмө-түз өзүлөрү алууну сунушташат.
Жакшы шартта өскөн мал, начар шартта бордолгон малдан тезирээк семирип, 30-40 пайызга кымбатыраак сатылат. Салыштыра турган болсок жылуу суу ичкен мал 15 кун эрте, ал эми асты жылуу болгон сарайда өскөн мал 1 айга эрте семирет.
Бакыт мырза региондорго барып фермерлер менен тажрыйбасы менен бөлушуп, кеңеш берип турат. Эгерде сизге жардам керек болгон болсо Бакыт мырза малды алгандан баштап, союп, бордоп саткан убакытка чейин коштоп жардам берээрин айтты. «Агро Чарба» программасын  толугу менен төмөнку шилтеме аркылуу көрө аласыздар: https://www.youtube.com/watch?v=CsRg3iMSHzE