Ильгиз Камбаров

 

Аткаруучу Директор, Жашыл Альянас Кыргызстан

 

Ильгиз Камбаровдун эл аралык уюмдарда жана жеке компанияларда иштеген улуттук жана эл аралык тажрыйбасы бар.

Бир нече жыл ЕККУнун Бишкектеги Программалык Кеңсесинде иштеген. Андан тышкары жана 2005, 2017, 2020 жана 2021-жылдары Кыргызстандагы ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунда (ДИАУБ) шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиянын мүчөсү катарында эмгектенген.

Мындан тышкары, ал ДИАУБ (ЕККУ) миссияларында 2019 жана 2021-жылдары Албаниядагы жергиликтүү шайлоолордо жана Болгариядагы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоолордо узак мөөнөттүү байкоочу болуп иштеген.

Ал шайлоолорду талдоо жана мониторинг жүргүзүү, долбоорлорду башкаруу, долбоорлорду мониторингдөө жана ишке ашыруу, эл аралык соода, академиялык башкаруу жана мугалим катары сабак берүү боюнча тажрыйбасы бар.

 

Камбаров Ильгиз Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Жергиликтүү коомчулуктун жашыл айыл чарбасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү» – «Go Green» долбоорунун Координациялык кеңешинин мүчөсү. Go Green долбоорунун негизги миссиясы – генетикалык ресурстарды, дарылык жана пайдалуу өсүмдүктөрдү чогултуу жана пайдаланууда жашыл технологияларды жана инновацияларды киргизүү жана колдонуу аркылуу климаттын өзгөрүүсүн азайтуу жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу. Андан тышкары Ильгиз мырза Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнүн улуттук климаттык жана экологиялык тармактарынын ассоциациясында Кыргызстандын атынан координатору болуп катышат. Бул ассоциация эркин маалымат алмашуу, диалог жана талкуу, экологиялык жана климаттык саясат маселелери жана аймактагы коомдук климаттык аракеттерди өнүктүрүү тармагында иштейт.

Ал жашыл экономика менен байланышкан изилдөөлөргө катышкан жана жүргүзгөн жана ар кандай долбоорлорду башкаруу жөндөмүнө ээ. Кыргыз Экономика Университетинде да сабак берет. Ильгиз Кыргызстанда жана бүткүл дүйнөдө болуп жаткан экологиялык көйгөйлөр, мисалы, абанын булганышы, таштандыларды башкаруу, жашыл айыл чарбасы жана башкалардын арасында жашыл каржылоо маселелерине тынчсызданат. Ал Кыргызстанда жашыл экономиканы, жашыл жүрүм-турумду жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүгө оң салым кошууга умтулат.

Ильгиз Камбаров Борбордук Азиядагы Америка Университетинин “Эл аралык жана салыштырмалуу саясат” адистиги боюнча бүтүргөн. Экономика жана ишкердик университетинде менеджмент боюнча магистр даражасын алган. Эне кыргыз тилинен тышкары англис, орус, түрк, француз тилдерин билет.

 


 

Кошумча материалдар: