“Кыргызстандын Жашыл Альянсы” Аткаруучу директор кызматына ачык конкурс жарыялайт. Аткаруучу директор Кыргызстандын Жашыл Альянсынын (КЖА) программасын жана стратегиялык багыттарын жетектейт, максаттарга жетүү үчүн финансылык-чарбалык иш-аракеттерди жүзөгө ашырат, Кыргызстандын Жашыл Альянсынын миссиясын аткарат.
Талаптар:
– Жогорку билиминин болушу;
– Долбоорлорду иштеп чыгуу жана башкаруу боюнча 3 жылдан ашык иш тажрыйбасы;
– Уюштуруучулук жөндөм, командаларды түзүү жана башкаруу тажрыйбасы;
– Ар кандай маселелерди чечүүдө аналитикалык ой жүгүртүү жана чыгармачылык мамиле;
– Коммуникациялык көндүмдөр жана стресске каршы туруштук бере алуу;
– Акча чогултуу тажрыйбасы жана бухгалтердик эсепти, башкарууну жана башка бухгалтердик эсепти түшүнүү;
– Өнөктөш уюмдар: мамлекеттик органдар жана бизнес менен иштөө тажрыйбасы;
– Кыргыз жана орус тилдерин оозеки жана жазуу жүзүндө мыкты билүүсү. Англис тилин билүү артыкчылык катары каралат;
– Активдүү турмуштук позиция: жаңы демилгелерди сунуштоо жана аларды ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик;
– Кыргыз Республикасындагы коомдук уюмдардын жана жарандык коомдун ишинин негиздерин жана принциптерин түшүнүү;
Жоопкерчиликтери:
– Кыргызстандын Жашыл альянсынын узак мөөнөттүү стратегиясын ишке ашыруу;
– Уюмдун чарбалык-финансылык ишин башкаруу;
– Уюмдун оперативдүү жана долбоордук ишмердүүлүгүн башкаруу;
– стратегиялык милдеттерди пландаштырууга, иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
– Кыргызстандын Жашыл альянсынын мүчөлөрү менен түз иш алып баруу: тааныштыруу жана жумушчу жолугушуулар;
– ММКда, ошондой эле өнөктөштүк жолугушууларда жана иш-чараларда Кыргызстандын Жашыл Альянсынын имиджин белгилөө, позициялоо жана жайылтуу;
– Жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташуу;
Мүмкүнчүлүктөр:
– “Жашыл” экономика тармагындагы демилгелерди илгерилетүү
– Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы долбоорлорго жана программаларга катышуу
– Өлкөнү өнүктүрүүнүн Жашыл векторуна салым кошуу
Жумушка орношуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- Актуалдуу резюмеси
- Коштоочу кат талапкердин талаптарга туура келерин көрсөтүүчү жүйөө болуп саналат, 1 барактан ашык эмес .
- Мурунку жумуштарынан маалымдама (ар кандай формада) алуу үчүн эки адамдын байланыш телефону .
Резюме, коштомо жана рекомендация каттары “Аткаруучу директор” деген тема менен [email protected] электрондук дарегине 2022-жылдын 26-апрели, саат 17:00дөн кечиктирбестен жөнөтүлүшү керек.
Татыктуу талапкерлерге гана интервью күнү билдирилет.