Skip to main content

Green Alliance KG компаниясынын аткаруучу директору Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин кызматкерлери үчүн климаттын өзгөрүшү жана анын Кыргызстан үчүн кесепеттери тууралуу презентация жасады


Green Alliance KG Аткаруучу директору Илгиз Камбаров Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигине атайын конок спикери катары чакырылып, ал элчилигтин кызматкерлерине климаттын өзгөрүүсү жана анын узак жана кыска мөөнөттүү келечекте Кыргызстан үчүн кесепеттери тууралуу презентация жасады.

Анын ичинде ал Кыргызстандагы кырдаалды климаттын өзгөрүшүнүн шарттарынын көз карашынан, ал кандай тобокелдиктерди жаратып жатканын жана бул келечекте кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин айтып берди. Ал айрыкча Кыргызстан 2019-жылы ратификацияланган Париж макулдашуусуна Улуттук жактан аныкталган салымдарында (УАС) белгилеген жумшартуу жана адаптациялоо чараларын баса белгиледи.

«УАСнын жумшартуу компоненти эл аралык каржылык колдоо жагынан эң керектүү болуп калууда, анткени энергетика жана транспорт тармагындагы амбициялуу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн болжол менен 6,5 миллиард АКШ долларын талап кылат», – деп белгиледи Green Alliance KG жетекчиси. Имараттардын жана үйлөрдүн энергетикалык натыйжалуулугу жакынкы жылдарда көрүлө турган кесепеттерди азайтуу чараларынын тизмесинде эң чоң үлүштү – 45% же 2,8 млрд АКШ долларын ээлейт. Ал ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана гидроэнергетиканы өнүктүрүү кыргыз өкмөтүнүн приоритети бойдон кала берээрин жана тиешелүүлүгүнө жараша 1,4 жана 1,2 миллиард АКШ долларын талап кылаарын белгиледи.

Презентациясынан кийин АКШ элчилигинин кызматкерлери курч суроолорду берип, алардын ар бирине жооп ала алышты. Ал ошондой эле элчиликке экскурсияга чакырылып, элчиликтин экологиялык мамиледеги жетишкендиктери, анын ичинде өлкөнүн ар бир жараны абанын булганышынын деңгээли тууралуу кабардар болуп туруу үчүн смартфон тиркемесинин жаңыртууларын жөнөтүүчү абанын сапатын көзөмөлдөөчү түзүлүштөр менен тааныштырылды. Илгиз Камбаров элчиликтин кызматкерлеринин жашыл демилгелерди илгерилетүү боюнча милдеттенмесин жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерди жеңүү аракетинде өлкөгө жардам көрсөтүү үчүн инновациялык ыкмаларды ишке ашырууга даярдыгын кубаттады.

Filter