![](https://green-alliance.kg/wp-content/uploads/2023/12/411046292_17922965060819239_2051587500704148691_n-1.jpg)
10 – декабрда Ассоциациянын башкы директору Айткул Бурханов БАЭ Дубай шаарындагы COP28 “ Фермерлер жана салттуу тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөр азык-түлүк системаларын трансформациялоо борборунда” иш-чарасында баяндама жасап, анда Кыргызстандын токой экосистемалары климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарын жөнгө салуу жана тамак-аш коопсуздугу маселелеринде биздин республика үчүн эле эмес, ошондой эле коңшу Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн маанилүү ролду ойногон белгилеп өттү.
Бул иш-чара азык-түлүк өндүрүүчүлөр үчүн дүйнөлүк аренада климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча чечимдери, ошондой эле климатка туруктуулук боюнча иш-аракеттерге чакыруу менен бөлүшкөн аянтча болду. Негизги багыттарга агроэкология, климаттык оптималдаштырылган айыл чарба, регенеративдүү айыл чарба, үй-бүлөлүк дыйканчылык жана агробиотүрдүүлүк кирди.
Иш-чаранын өнөктөштөрү: Дүйнөлүк фермер форумдун Жетектөөчү комитети, AFA, COPROFAM, INOFO, PAFO, ROPPA, WFO, WFF, WFFP.
Filter
AllKurama Story LabWastenet.kgАнара СултангазиеваБез рубрикиДолборлоржанылыктарЖаңылыктарЖашыл АльянсЖашыл экономикаКадыровКайрылуулар. Позициялар.Камбаров ИльгизМиграция боюнча эл аралык уюмПартнерлорПозициялар жана КайрылууларУдалить элемент: Rural Development Fund Rural Development FundЭкологиялык миграция