
10 – декабрда Ассоциациянын башкы директору Айткул Бурханов БАЭ Дубай шаарындагы COP28 “ Фермерлер жана салттуу тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөр азык-түлүк системаларын трансформациялоо борборунда” иш-чарасында баяндама жасап, анда Кыргызстандын токой экосистемалары климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарын жөнгө салуу жана тамак-аш коопсуздугу маселелеринде биздин республика үчүн эле эмес, ошондой эле коңшу Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн маанилүү ролду ойногон белгилеп өттү.
Бул иш-чара азык-түлүк өндүрүүчүлөр үчүн дүйнөлүк аренада климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча чечимдери, ошондой эле климатка туруктуулук боюнча иш-аракеттерге чакыруу менен бөлүшкөн аянтча болду. Негизги багыттарга агроэкология, климаттык оптималдаштырылган айыл чарба, регенеративдүү айыл чарба, үй-бүлөлүк дыйканчылык жана агробиотүрдүүлүк кирди.
Иш-чаранын өнөктөштөрү: Дүйнөлүк фермер форумдун Жетектөөчү комитети, AFA, COPROFAM, INOFO, PAFO, ROPPA, WFO, WFF, WFFP.
Filter
AllKurama Story LabOpen InnovationsWastenet.kgАнара СултангазиеваБез рубрикиДолборлоржанылыктарЖаңылыктарЖашыл АльянсЖашыл экономикаКадыровКайрылуулар. Позициялар.Камбаров ИльгизМиграция боюнча эл аралык уюмПартнерлорПозициялар жана КайрылууларУдалить элемент: Rural Development Fund Rural Development FundЭкологиялык миграция